Мобилдик клиникалар – эл арасында

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Ош облусундагы Мобилдик клиниканын адистери өткөн жумада Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарынын калкын медициналык кароодон өткөрүштү.

Анда терапевт дарыгери 47 жаранды, акушер гинеколог 41 аялды кароодон өткөрүштү жана 47 жаран ультраүн менен изилдөөдөн өтүштү. Андан сырткары, 40 жаран жыныстык жол менен жугуучу ооруларга, 40 жаран адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна карата (АИВ) тестирлөөсүнөн өтүштү. Медициналык кароонун жыйынтыгы менен 9 бейтап облустук ооруканага, 13 бейтап аймактык ооруканага, 1 бейтап тери-венерологиялык диспансерге кошумча изилдөөлөргө жана дарыланууга жөнөтүлдү. Ошондой эле мобилдик клиникалардын дарыгерлер тобу Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал райондорунун тургундарын медициналык кароодон өткөрүштү. Адистер тарабынан 2 күн ичинде 1863 адам кароодон өтүшкөн.

Бардык кайрылгандарга медициналык – концультативдик жардам көрсөтүлүп, оорунун абалына, өрчүп турган убактысына жана диагнозуна жараша, бейтаптар андан ары дарылануу үчүн саламаттык сактоо мекемелерине жолдомолор берилди. Зарыл болгон шарттарда мобилдик клиникалардын адистери райондук жана облустук деңгээлдеги дарыгерлер менен кучөтүлүүдө.

Бүгүнку күндө мобилдик клиника Нарын облусунун Кара-Суу жана Чаек айылдарында өзүнүн ишин алып барууда. Планга ылайык кийинки текшерүү иштери Ат-Башы районунун Талды-Суу, Ак-Муз айылдарында, Жумгал районунун Чаек жана Кызарт айылдарында өтүлүшү ылайыкталууда.