Кореядан – 5 медаль

Кыргызстандык спортчулар Кореядагы таэквондо боюнча эл аралык турнирде 5 медаль утушту. Мелдеш 6-7-июль күндөрү Ансан шаарында өттү.

Турнирге Азия жана Европа өлкөлөрүнөн 1800 спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан спортчуларды машыктыруучу Элдияр Касмамбетов жетектеп барды.

Кыргызстандык Аттила Форсберг, Азирет Бакытов жана Албан Ийгиликов алтын медаль, Максим Федоров менен Жантай Калчаев күмүш медаль тагынды.

 

А. ЭСЕНОВ