Достуктун далили

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ , «Кыргыз Туусу»


Үстүбүздөгү жылдын март айында Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз грант менен Ош шаарында жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн 150 койкалуу жаңы оорукана пайдаланууга берилген. Апрель айында болуп өткөн салтанаттуу ачылышына Кыргыз Респуликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, КЭРдин Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана КЭРдин Ош шаарындагы башкы консулу Цуй Шаочунь ж.б. расмий адамдар катышкан.

Жакында КЭРдин Ош шаарындагы башкы консулдугу жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ушул саламаттыкты сактоочу мекемеге медиа-тур уюштурду.

Бул иш-чаранын алкагында КЭРдин Ош шаарындагы вице-консулу Хань Миньюн мырза Кытай тараптан Борбордук Азияда алгач курулган бул оорукана Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун калкынын саламаттыкты сактоодо ролу чоң боло тургандыгын айтуу менен КЭРдин анын курулушуна кошкон салымы тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда, бул дарылоочу мекеменин курулушу жана заманбап медициналык жабдуулар үчүн каражат Кытай өкмөтү тарабынан жумшалган. Бул мисал эки кошуна өлкөнүн достук мамилесинин жана кызматташтыгынын далили. Жаңыдан пайдаланууга берилген шаардык оорукананын директору Азизбек Жунусов бул мекемеде жогорку билимдүү 84 врач жана 254 медайым эмгектене тургандыгын жана оорукананын шарты жакшы болгондуктан, дарылоонун натыйжасы жогору болуп, бейтаптардын арасында анын кадыр баркы көтөрүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. Директордун айтуусунда, жыл аягына чейин Кытай Эл Республикасынын эсебинен дагы 14 заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынып орнотулмакчы.