Акындын ыры – анын адамдык парасатынын, акыл-эс көрөңгөсүнүн, ички жан дүйнөсүнүн күзгүсү…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


(Аягы. Башталышы өткөн санда)

Дүйшөн Жапаров деген акын досум бар. Ал акын катары 20-25 жаш курагында таанылды жана жазчу ырларынын баарын 20- 30 жашында жазып, ошол бойдон дээрлик колуна калем кармаган жок. Болгон-толгон акындык дараметин сарптап бүтүп, айтчу сөзү, жазчу ырлары жок болгон үчүн эмес, ал жашаган заман, ал аздектеген баалуулуктар аңтар-теңтер болуп кетти да, ал ырды таштап койду. Акын жазган ыр түгүл, акын өзү эч кимге кереги жок болуп калды. Акын Дүйшөн Жапаров бул акыйкатсыздык менен келише алган жок, тагыраагы күрөшкүсү келбеди. Ал адабият тарыхында көкүрөгү ырга толуп, ашып-ташкан мезгилде жазган ырлары менен калат. Дегеним, Д.Жапаров азыр 60ка келип калды, ыр жазбай калганына 30 жылга жакындап калгандай болду, менин баамымда эми жазбайт го.

Адабиятка 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башында келген “жоголгон муун” арасында Д.Жапаровго окшоп, калем-кагазын таштап койгондор арбын. Таланттуу акындардын жүрөгү жаралуу жолборстой аялуу экенин түшүнсөк болот, бирок алар калемкагаз кармабай коюу менен ач карышкырдай заманага эч нерсе далилдей албай турганын эскертип койгубуз келет.

Акын Жолдошбек Зарлыкбеков да өмүрүнүн акырына чейин жазган ырларын окурмандардан эле эмес, өзүнөн да жашырып, коруп жүрүп өттү. Анда ыр жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарууга, мамлекеттик наам, сыйлыктарды алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү да бар болчу. Бирок, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган жок. Ал окурмандардын сынынан деле чочулаган жок, анткени Жокем өзүнүн акындык дараметине сөзсүз ишенчү, бирок ал өзүнө өзү катуу талап койду. Ал поэзияда бурулуш жасагысы келген, ал окурмандарды, асыресе адабий журтчулукту чыныгы поэзиянын үлгүлөрү менен таңгалдыргысы, таңгалткысы келген. Кайран акын бүт өмүрүн мына ошол асыл максатка арнады. Акындын окурман журтчулугуна жеткен бирин-экин ырлары Ж.Зарлыкбековдо акындык табит да, акындык чабыт да, көрөңгө да баары жетиштүү экенинен кабарлап турат. Анын айрым ырларын окуганда акыл-эс солк эте түшө, аргасыз таң каласың, “ушундай да ыр жазса болот турбайбы” деп тамшанасың.

Адабиятка аралашкан соңку муун үчүн илгери-кийинки муундагылар арасынан үлгү болчу, үйрөнчү акындар жана акындык тагдырлар жетиштүү. Бирок, акындык тагдыр десе, башкалар ичсе биз да ичишибиз керек турбайбы, башкалар жеке турмушуна кайдыгер караса, биз да кайдыгер карашыбыз керек деп ойлобогула. Башкалардын тагдырын, армандуу тагдырын, алардын турмуштан сынган жашоосун кайталап кереги жок.

Арийне, бүгүн дүйнөлүк адабиятта “поэзия керекпи же керек эмеспи?” деген суроо күн тартибинен түшпөй, улуу-кичүү дебей, улутуна карабай талкуулап жатышат. “Поэзиянын кереги жок” деп кескин айткандар да жок эмес. Бул маселе Кыргызстанда гана талкуу жаратпаганы менен, кыргыз коомчулугу деле акын-жазуучуларга кайдыгер мамиледе: жакшы да, жаман да көрбөйт. Көркөм адабият окулбай калды. Жадагалса, акын-жазуучулар өздөрү бири-бирин окубайт, кимдер эмнени жазып жатат, адабият агымы кайда баратат, дүйнөлүк адабиятта эмне жаңылык болуп жатканына кызыкпайт. А мамлекеттин адабиятка далысын салганына чейрек кылымдан ашты, акын-жазуучулар өз арбайын өзү согуп жатат. Чыңгыз Айтматовду Айтматов кылып, дүйнөлүк кадыр-баркка жеткирген эсил кайран СССР жана социалисттик идеология болгон. Бүгүн кыргыз акынжазуучулары дүйнөлүк атак-даңкка жетиш үчүн СССРдей империя болбосо да, дал ошондой идеология керек. А бизде андай идеология барбы? Демек, бүгүн акын-жазуучулар алдында чоң жоопкерчилик турат. “Поэзия керекпи же керек эмеспи” деген кызуу талкуу жүрүп жатканда, көңүл айныткан, кедери кеткен ГМО ырлар жазылса, анда окурмандардын көңүлү ырдан биротоло кайтат. “Буюккан” менен “куюккан” өңдүү уйкаштыктардан куралып, атажуртка же сүйгөн адамына арналган мааниси жок махабатын улам кайталап окурмандын кыжырына тийген, атажуртунун бүгүнкүсү үчүн курулай эле күйүп-быша берген ырлар эч кимге жаңылык эмес. Бүгүн кыргыз ыры формалык гана эмес, мазмундук жаңыланууга муктаж. Адабиятка келген жаңы муундун алдында кыргыз ырын жаңылоо жана аны жаңы бийиктикке алып чыгуу озуйпасы турат. Алар үчүн башкалар келип, кыргыз ырын жаңылап, түркүн түскө боеп бербейт. А жаштар буга даярбы? Бүгүн ушул суроого жооп берчү, жооп тапчу мезгил келди.

Адабиятка жеке чарбаңдай, менчигиңдей карап, кесир мамиле жасаганда болбойт. Илгерки ырчылар: “Сен той менен аштын акыны, мен жакырларга жакынмын” деп бири-бирин чымчылап, тамашалашкандай, бүгүн Интернет айдыңындагы социалдык түйүндөрдүн акынына айлангандар көбөйдү. Чынын айтканда, социалдык түйүнгө жарыяланган көркөм сөз туундуларынын көбү ыр эмес, пыр. Андай алешем саптарды экинчи класстын окуучусу деле эригип отуруп жазып коюшу ыктымал.

Ар бир акын ырды өзү үчүн жазса да, ыры жарыкка чыккан соң, ал жалпы элдин энчисине айланат. Чыгармачылык адамдын жеке иши болгон менен, ал жараткан көркөм туунду – элдин энчиси.

Чыныгы акын сөз баалайт, сөз аңдайт. Сөз аңдаган акын сөз артындагы сөздү түшүнөт, сап арасындагы айтылбай калган ойду илип алат. Сөз арасында айтылбай кеткен ойлорду таап алат, же айттырбай түшүнөт.

Мени ар дайым кыргыз улуттук адабиятынын бүгүнкүсү жана эртеңкиси тынчсыздандырып келет, ошондон улам “өлгөндөн калган адабият” өссө, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлсө, өсүп келаткан муун адабият жүгүн көтөрүп кетсе деген изги ойлор бар. Эгер, жаш муун улуттук адабияттын жүгүн көтөргүсү келбесе, аны дүйнөлүк адабияттын деңгээлине алып чыгайын дебесе, жүрөгү мокок, акылы чоркок болсо, социалдык түйүндөрдүн деңгээлинде калгысы келсе, анда аларга айта турган сөзүм жок.