Кыргызстанда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт

7-14 августта Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. «Эркин пирамида» эрежеси боюнча өтө турган мелдешке 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат. Аталган эреже боюнча азыркы дүйнө чемпиону – молдовалык Сергей Крыжановский. Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда ушу менен төртүнчү жолу өтмөкчү.

А.ЭСЕНОВ