Түштүк Кореянын өкмөт башчысынын Бишкекке үч күндүк сапары башталууда

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен бүгүн, 17-июлда Кыргызстанга келет.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анын сапары 19-июлга чейин созулат. Сапар алкагында 50дөн ашуун кореялык компаниялардын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Корей өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Булак: Азаттык