Корея Республикасынын Премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Корея Республикасынын Премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-кореябизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм,энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат жана расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.