О.Панкратов: Кыргызстандын негизги экспорттук позициясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө багытталган

Кыргыз Республикасынын негизги экспорттук позициясы, анын ичинде айыл чарба продукциясы (70% жогору), даяр тигүү продукциясы (100% чейин) ЕАЭБ өлкөлөрүнө багытталган. Бүгүнкү күндө биздин республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен салыштырма салмагы сырткы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 44,3% түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 8-июнда, «Аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБ рыногунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы конференцияда билдирди.

«Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кирүүсү – бул өлкө келечегин өнүктүрүү модели. Интеграциялык модель өлкөнүн өнүгүүсүндөгү приоритеттүү багыттарын, бардык деңгээлдеги башкаруу чөйрөсүн, ата мекендик экономикага инвестиция тартуу сыяктуу аймактарды өнүктүрүү саясатын өзүнө камтыйт. Аны менен бирге бизнес башкаруу институттары менен бирге, анын ичинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ЕАЭБ жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө багыт алышы керек», — деди ал.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында, вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасы ЕАЭБ башка өлкөлөрү сыяктуу интергациянын айрым эрежелерине көнүгүү үчүн жөнөкөй эмес адаптациялык этаптан өтүшү керектигин билдирди.

 

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү улантып, жеңилдетилген насыя, айыл чарба тармагында лизингге техникаларды берүү, заманбап логистикалык борборлорду куруу багытында иш алып барууну улантып жатканын билдирди.