Катуу жаанга карабай жол кыймылын жөнгө салган милиция (видео)

Социалдык тармактарда катуу жааган жамгырга карабастан өз ишин аткарып жаткан Кайгуул милиция кызматкеринин видеосу тарады.

Эске сала кетсек, 6-июнь күнү Бишкек шаарында катуу жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17 метрге жеткен. Ушундан улам Ахунбаев менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак иштебей калган. Жол тыгындын алдын алуу максатында милиция кызматкери жаанга карабай милдетин аткарган.

Интернет колдонуучулары милициянын бул эрдигин видеого тартып алышкан.

Катуу жаанга карабай жол кыймылын жөнгө салган милиция (видео): 1 комментарий

Комментарии запрещены.