Ресторандан чыккан өрт: Салон жана дүкөн кошо өрттөнүп, 4 адам түтүнгө ууланды

Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторандан чыккан өрт кечээ болжол менен саат 20:05тер чамасында өчүрүлгөн.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашкандай, «Али-Хан» ресторанынан чыккан өрт жанаша турган «Асем» сулуулук салонун жана «Портфель» дүкөнүн каптаган. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпысынан 780 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Андан тышкары, 4 адам түтүнгө ууланып, үчөө ооруканага жаткырылган. Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

Эске салсак, кечээ болжол менен саат 16:20лар чамасында Ош базарынын жанындагы ресторандан өрт чыккан.

Булак: Кабар