Иракта куралдуу кол салуудан түркиялык дипломат каза болду

Ирактын Эрбиль шаарындагы ресторанда болгон куралдуу кол салууда Түркиянын генералдык консулдугунун кызматкери окко учту. Бул тууралуу Эрбиль полиция башкармалыгына таянып Anadolu маалымат булагы жазды.

Кол салууда ошондой эле, Ирактын бир жараны каза болуп, дагы бирөө жаракат алды.

Ресторандын кожоюну билдиргендей, дипмиссиянын өкүлдөрү ресторанга кирери менен шектүүлөр аларга карата тапанчадан ок атышкан.

Түркия дипломаты окуя болгон жерде набыт болду.

Булак: Марал