Бишкектин борборунда бир автоунаа чуңкурга түшүп кетти

Бишкек шаарында «Хонда Степвагон» унаасы Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштерине байланыштуу казылган чуңкурга түшүп кетти.

«Кабар» агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, окуя бүгүн, 18-июль күнү болжол менен саат 05:00дө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу унааны башкара албай калган. Жабыркагандар жок.

Булак: Кабар