Жол сапар: Адеми шаар – Алматы

Жакында досум экөөбүз саякаттап Казакстанга барып келдик. Саякатыбыз чын маанисинде керемет эс алуу болду. Биз өлкөнүн түштүгүнө, Алматы шаарына барган элек.

Эң алгачкы таасирленүүбүз: адамдардын меймандостугу, бизге деген жаркын маанайы болду. Жол сапарыбызда кимдерге жолуксак да, алар чын ниети менен жол көрсөтүп жатышты, карта боюнча түшүнбөгөн нерселерге жардам беришти.

Алматы шаарынын бай тарыхы бар экен. Бул архитектурасынан да байкалды. Эшиктери жана терезелеринин жыгач капкактары, капталдары ар кандай оюулар менен  кооздолгон эски үйлөрдүн жанында айнектен салынган көп кабаттуу заманбап үйлөр бой көтөргөн. Ушундай көркөмдүктү көрүп, биз таасирлендик жана аларды сүрөткө тартуу менен алек болдук.

Алматынын тегерегин кыдырууну да көздөгөн элек. Кайда бара турганыбызга белгилүү сервистик кызмат TripAdvisor кеңеш берди. Сонун жерлер Алматынын өзүндө гана эмес, айланасында, бардык тарабында көп экен. Алматынын өзү ойдуңда орношкон, бардык жагы дээрлик тоо менен курчалган, ошондуктан кыркага чыгып карасаң, суктануу менен кайра-кайра карайсың.

Алматы – тоонун боорунда. Унаа менен жарым саатта тоонун эңкейишиндеги жантайма жолдор аркылуу эң кооз жерлердин бири Көк-Төбөгө жетип барасың. Ушул дөбөдө атайын жасалган көрүү аянтчасынан шаардын укмуш панорамасын анык көрөсүң. Ошондой эле тоо бүркүттөрү гана көтөрүлө алчу бийиктиктеги – шаардан дөбөгө тартылган асма жолдогу вагондон төмөнгө көз салсаң  болот.

Көк-Төбөнүн жогорку жагында деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан атактуу Медеу спорттук муз айдыңы бар. Айдыңда эл коньки тээп жатышат. Мен коньки тебе албай тургандыгыма өкүндүм, бирок, муз үстүндө бийлеген досумду сүрөткө түшүрүп эле жыргадым. Мага Медеунүн тегерегинде басып жүргөнүбүз, тоонун арча жыттанган таза абасынан дем алганыбыз абдан жакты. Аскадан күрүлдөп аккан тоо суусу өзүнчө бир жагымдуу көрүнүш, ал бир жакка тезирээк жетсем деп шашып бара жаткандай көрүндү…

Биз андан жогору өрдөдүк. Тоо лыжасы менен алектенгендердин кооз жайы – Чымбулак курортуна бардык. Чынымды айтсам, биз асма жол менен бара жатканда шамал туруп, асман трамвайыбыз чайпалып кеткендей болду. Мени коркунуч сезими бийледи. Төмөн карасам, башым айлангандай болду. Жанымдагыларга сыр берген жокмун. Трамвай токтоп, Чымбулакка жеткенибизде тиги баштан кечиргенибиз дароо унтулду, көз алдыбызда табияттын керемет шөкөттөлгөн көрүнүшү пайда болду. Чымбулак чокусу жан дүйнөбүздү сергитти. Булуттар таман астыбызда көчүп жатты. Алп асман кемесинде учуп бара жаткандай сезимге бөлөндүк.

Бир нече күндөн кийин бийик тоолуу жердеги Чоң Алматы көлүнө барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көлдү үч тоо чокусу курчап турат. Биз кызыктуу учурга туш болдук. Аба ырайы кубулмалуу болуп турду. Бирде күн жаркырап нурун төктү, бирде күн нуру калың булутту жарып өтүп, көлдүн бетин нурландырып, кулпуртуп турду. Мага бул аябай жакты, бул чөлкөмдө мындан сонун башка көл бар бекен деген ойго келдим. Бар экен!

Келерки күнү биз улуттук  Көлсай көлүнө бардык. Ийне жалбырактуу токойдун ичиндеги катар-катар үч көлдү көргөнүбүздө сүйүнүп кеткен досум: «Бул жердин жаратылышынын кооздугун баяндаганга сөз жетпейт, ов», – деди. Ар албан гүлдөрүн айт, жыттары кандай! Акырын гана көл толкуну дабышы угулат. Чакан дасторконубузду жайдык. Убакыт сааты токтоп калгандай. Ушул жерде көп убакыт боло тургандайбыз. Жол көрсөтүүчүбүз айткандай, бул жерди «Түндүк Тянь-Шандын бермети» деп бекер атабаптыр. Жаратылыштын бүлүнбөгөн ушундай жерлери мемиреген тынччылыктын, адамдын жанына жайлуу мекен го деген ойго
баттым…

Чарын улуттук паркына бир топ саякатчылар менен чогуу бардык. Ушундан 12 миллион жыл мурда пайда болгон деп айтылуучу, тоо-ташты жаан-чачын жеп, жан жагын кууш кылып кеткен зоокаларды – каньондорду өз көзүм менен көргүм келчү.  Зоолордун кучагында калган, муз доорун башынан кечирген, нечендеген кылымды карыткан, сөңгөгү катуу ясень жыгачынын токойчосун көрдүк, андан арыраак барып, азиялык теректердин токойчосун араладык.

Мени парктагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ар түрдүүлүгү таң калтырды. Мында келүүчүлөрдүн табиятка астейдил мамиле жасаганы көрүнүп турат. Жаратылыш өзүнө өзү өкүмдар.

Чарын каньону менин блокнотумда жөнөкөй карандаш менен чийилген эскиз иретинде калды, асыресе, менин эстутумумда Сепилдер өрөөнү өзгөчө орун алды, аны да чиймелеп койгонмун. Чийип жаткан сүрөттөрдү сөзсүз аягына чыгарам, анын үстүнө керектүү кадрларды тартып  алганмын.

Алматы шаары менин жүрөгүмдөн бекем орун алды. Мен шаарды, анын ажайып тегерегин  жактырып калдым. Милдеттүү түрдө дагы да барамын. «Бир шаардын айланасында ошончо ажайып жерлердин бар экендиги, бир караганда, акылга сыйгысыз. Бул табияттын өзү «уюштурган» туристтерди тартуучу борбор го», – дедим бизди коштоп жүргөн жол көрсөтүүчүгө. Ал жайбаракат гана мындай жерлер Казакстанда көп экендигин айтып, өлкөнүн башка да аймактарын кыдырууга кеңеш берди.

Туристтик сапарымдын жыйынтыгында мен казакстандыктар табиятты кастарлай тургандыгын, келечектеги муундар жашыл өсүмдүктөрдүн арасында жан сергиткен таза аба менен дем алуусу жана жаныбарлар дүйнөсү менен жакын болуусу үчүн жаратылышты сактоого аракет кылып жатканын билдим.

 Күмүшай ЖУМАНИЯЗОВА