Кадыр түн качан болоору белгилүү болду

Кадыр түн 21-июндан 22-июнга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Эске сала кетсек, кадыр түн орозонун 27сине караган түнү белгиленет.

«Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйыл кадыр түн 21-июндан 22-июнга караган түнү болорун белгиледи. Мусулман коомчулугу бул маалды бир гана ибадат менен өткөрүп, жакшы тилек менен дубаларды кылышы керек», — деди Атабаев.