Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиги жер ресуртарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча толук кандуу геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу жана сактоодо бирдейлигин камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максаттарында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2009-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоого чейин жер ресурстарын жана кыймылсыз мүлктү бирдиктүү жана натыйжалуу башкаруу тутуму —  Өкмөткө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги иштеген.

Бул мезгилде жер мамилелерин жана жерге орноштуруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуу ыкчам жана сапаттуу чечилип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу опографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштери өз убагында аткарылып келген. Ошону менен бирге ведомстволор арасындагы кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жоюлуп, бул мамлекеттик масштабдагы милдеттерди создуктуруусуз аткарууну шарттаган.

Баса белгилей кетсек, Өкмөткө караштуу Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүлүшү республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.