Фестивалдар парады менен туристтердин карааны көбөйдү

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Соңку жылдарда Нарын дубанында жана аймактарында эң башкысы туризмди өнүктүрүү үчүн улуттук уңгулардын чен өлчөмдөрүндө фестивалдар өткөрүлө баштады. Алардын ана башында “Кыргыз шырдагы” фестивалы быйыл тогузунчу жолу даңазаланса, жакында Нарын районунун Орток айыл аймагындагы атактуу Ийри-Суу өрөөнүндө алгачкы ирээт “Бугу фестивалын” жүзөгө ашырышты.

Жатпайлычы, туралы эми…

– Биз өткөн жылы туризм менен алектенген ишкерлер, айрыкча жаштар менен сүйлөшүп, жыйынтыгында “Нарын саякат туризм” аталыштагы бирикме уюшулган. Ошондо алар жыл сайын бир күнү райондун аймагында этнофестиваль өткөрүү керек дешип, акырында аны “Бугу фестивалы” деп аташкан. Анткени белгилүү болгондой Тянь-Шань бугу маралдары мына ушул Ийри-Суу өрөөнүнөн тарта Чоң-Нарын капчыгайында гана сакталып калган. Ошол турфирмалардын аракеттери менен бүгүнкү күнү жүздөн ашуун туристтер келишти, – деп билдирди район акими Семетей Черикбаев. Ал ошону менен катар этно майрамга катышууга жана аны көрүүгө кытайлык боордош кыргыздар менен көлдөн туугандар, Жапониянын JICA уюмунан өкүлдөр келгендигин кошумчалады. Ошентип фестиваль башталып, оболу театрлаштырылган көркөм оюн тартууланып, райондон чыккан төкмө акындар Баян Акматов, эл оозунда “Чагылган” атыккан Болот Назаров жана жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев кыргыз жерин, анын ичинде Нарынды даңазалап ырдашты.

Айтмакчы мүлдө мен кыргыз деген жарандарга ысымы белгилүү, кыргыздардын XXI кылымдагы Куйручугу аталган Эл артисти Күмөндөр Абылов дагы ушул райондун кулуну болот.

– Кыргыздын доору качан келет эле дешет. Менимче эбак эле келиш керек болчу. Анткени кыргыздардай бир дагы эл жок. Меймандос десең меймандос. Өздөрү жебей каткан тамактарын капкайдагы бир конокторго берет. Кең пейил десең кең пейил, өнөрлүү десең өнөрлүү. Айтор көп жагынан биринчи орунду бербейт экенбиз. Анан жалкоолуктан дагы биринчиликти колдон чыгара элекпиз. Жатканды укмуш сүйөбүз. Ошондуктан жатат деп кошуп сүйлөйбүз. Бара жатат, келе жатат, койлор тоодо жатат, уйлар сазда жатат. Ой, туугандар эми көп жата бербей, туралычы бир, – деп эл алдында чымчып сүйлөдү К.Абылов.

Дөбөлү айылы сары майдын борбору болобу?

Фестивалга белгилүү ишкер, бир катар мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кылган Ташкул Керексизов катышып, болочокто кыргыздын тамагы дүйнөнү басарын шарданалады.

– Жолдон Дөбөлү деген айылды аралап өттүк. Ушул айыл сары майдын борбору болот. Кыргыздын ал сары майлары бизде эмес, дүйнөнүн эң мыкты шаарларында аукцион аркылуу гана сатылат. – Мына бул сүрсүгөн эт, – деп кебин улап, аны эл алдынан өзү көрсөттү. Бул эт учурда АКШда жасалууда. Мен атайын ала келдим. Учурда 100 бала ушундай ишти жасоого киришишти. Жыйынтыгында кыргыздын улуттук тамак тары дүйнөнү басат. Негизи өнүгүү тоодон башталат. Биздин тоолор ээн калбаш керек, – деген такилик кеп кылды.

Кыргызстан кооз жана акыр-чикири көп

Маданий саамалыкка катышкан дубан башчысы Аманбай Кайыпов облуста баймабай фестивалдар өткөрүлүп жаткандыгын мындайча чечмеледи:

– Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салттарыбызды сактап, аны даңазалоо аркылуу туристтерди тартуу үчүн ушундай фествалдар өткөрүлүүдө. “Бугу фествалы” деп туура атапсыңар. Эми менимче 13-июль жыл сайын Бугу фестивалы күнү болуп калышы керек. Бирок биз өзүбүздү биринчи сыйлайлычы. Жок дегенде басканды дагы билбейбиз. Ушундай жерлерибизди таштандыга айландырбайлы. Мен сиздерден тазалыкты жана ушундай керемет жерлерибизди сактоого чакырамын, – деди. Облус башчысынын жана таланттуу куудул Күмөндөр мырзанын пикирлери германиялык туристтин кебине дал келди. “Коомчулукка негизделген туризм” (СВТ) кыргыз бирикмеси тарабынан келген германиялык турист Харол Нурумбергер мырза (бу кишини СВТнын кызматкери Гүлира аттуу айым тааныштырды жана котормочулук кылды) эл алдына чыгып сөз сүйлөдү.

– Мен полицияда иштедим. Жубайым экөөбүз турист болгонду жактырабыз. Бир жолу жумуш аркылуу кыргыз жаранга жолуккам. Ал Кыргызстан тууралуу айтып, мени чакырган. Бирок келе алган эмесмин. 5 жыл мурда дагы бир кыргыз менен таанышып, ал дагы барыңыз деген. Мына эми акыры келдик. Биз 75 мамлекетте болгонбуз. Бирок Кыргызстандай мамлекетти көргөн эмеспиз. Башкача эл экен. Өтө меймандос, абдан сыйчыл. Жаратылышыңар кандай болсо, ошондой сакталыптыр. Мен экологияны, жериңерди ушундай сактап калгыла деп айтмакчымын. Губернаторго кошулам. Бир жаман жериңер, кайда болсо дагы таштандылар көп экен. Эң кооз жерди булгап турганыңыздар гана жаккан жок, – деди.

Нукуралуулуктун наркы

Фестивалда атайын даярдалган жерден “Этно айыл” менен таанышуу жараяны өткөрүлдү. Чыны бизге жөн эле көрүнүш катары кабылданганы менен баланы бешикке салуу, тушоо кесүү, сүннөткө олтургузуу, кыз узатуу салттар чет элдиктердин мындайча айтканда ооздорун ачырды. Бул жайдан улуттук буюмдар сатылып, жасалгалоо жагдайлары тааныштырылды. Ал эми көрсөтмөлүү “Кыргыз көчү”, Кыз куумай, Бүркүт салдыруу, Салбурун, Көк-Бөрү, Эр эңиш ж.б. оюндар дагы сырттан келгендерди тамшандырды. Фестивалда “Акыл Карачач” сынагы өткөрүлүп, кыз-жигиттер сармерден айтышышты. Жыйынтыгында бардык жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды.

0 Поделились