Айзу КУРМАНБАЕВА: “Неге, неге?..”

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бул күндөлүктү окурмандарга автордун макулдугу менен сунуш кылуудабыз. Ооба, чын эле биз байкабайт, көрбөйт экенбиз, а бирок айлана-тегерегибизде бири-бирине окшобогон ар кыл тагдырлар, ар бөлөк жашоо, атүгүл ар кандай энелер бар экен… Күнүмдүк тирилик деп чуркап, же өзүбүз менен өзүбүз алышып, пендечилик менен күрөшүп жүрүп, бири-бирибиздин көзүбүзгө, жан дүйнө түпкүрүндө жаткан аялуу сезимдерге, суроолорго үңүлүп карабайт экенбиз. Биз баарынан кымбат – өмүр жана көңүл экенин унутуп, кээ бирде минтип дүнүйөнү пир тутуп, калган байлыктын баарын унутуп жашайт окшойбуз. Айзунун күндөлүгүнөн улам ушундай ойлор келди…

Неге адам баласы жазды күтөт ? Бирок жаз келгенде «баткак, чыла» деп кайра нааразы болот. Неге адам баласы сагынып, самап жайды күтөт да, жай келгенде: “Ысык, эгин күйдү, жаан жок», – деп капа болот. Күздү күтөт, анда да: «Жаан басылбас болду, түшүм аз», – дейт. Кыш да жакпайт. Байлык деп байлыкты тилейбиз, ал да калат. Сүйүү, сүйүү деп, акыры жан дилибиз менен сүйөбүз, бирок ошол сүйүүдөн азап чегип, жан дүйнө эзилип кыйналабыз. Сүйгөн адамдан бир эле жакшы сөзүнө зар болобуз. Сүйгөн кезде аны периштедей, күнөөсүз адамдай көрүп жүрүп, акыры жек көрүп калабыз. Неге? Неге адам ушундай?

***

Баарынан да, неге апам мени тогуз ай көтөрүп төрөп, бирок “акча табам” деп, ымыркай кезимде абысынына берип салды? Баккан апам бапестеп багып, бактылуу балалыкты он бир жашыма чейин сүрдүм. Бирок балалыгым эмнеге эрте бүттү?

Неге курбуларым жогорку окуу жайларда окуп, мен да чоң окуу жайда окусам деген тилегиме жете албадым? Неге апам башка бир туугандарымды укмуш кийиндирип, мени ошолордун эскиси менен чоңойтту?

Баарынан да, неге мени кошуп, эжелеримдин баарын күйөлөрүнөн ажыраштырып, азыр баарыбыздын балдарыбыз тирүүлөй жетим?

***

Неге жалгыз иним ата конушун таштап, үйдү ээн таштап салып, шаарлап кетти? Неге апам кытайга тийген кыздарды сындап жүрүп, 16 миң доллар алып келген кытайга синдимди берип салды? Эми анын балдары ким?

Неге энем бардар туруп, мен балдарым менен чет өлкөдө тентип, көкүрөк күчүгүмдү мектепке бере албай калдым?

Неге апам тогуз бир туугандын улуусу болсо да, бири менен да катышпайт? Неге беш баласын ынтымактуу болгула деп бириктирип, башын кошпойт? Энелер балдарынын жаманын жашырып, жакшысын чыгарат, а менин апам бизди бири- бирибизге жек көрсөтүп, башкаларга да жамандайт? Эмнеге?

***

Балалык, жаштык кылып, биз да балким убагында жаңылган чыгарбыз? Оюндагыдай боло албадыкпы? Бирок намыс менен эрге тийдик. Ак никеден балалуу болдук. Уурулук кылып же бузулуп кетип, уятка калтырбай, көзүн карап “апалап” турдук. Баары бир эне мээримин төгүп койбоду? Акыры үчөөбүз тең эрсиз, балдар менен калдык! Эми балдардын аталары: “Энеңер болбосо жашай берет элек”, – деп айтышат! Менин балдарым таенесин уккусу да келбейт. Анткени, балдарымды: “Чоңойсоңор, араккеч, бандит, чөнтөкчү болосуңар”, – деп көп айтчу. Бирок Аллахка шүгүр, балдарым беш убак намазын окуп, ыймандуу чоңоюп атышат. Арманым, кичүү баламды мектептен окута албай келем!

***

Айта берсе көп сөз. “Өз энесин жамандайт”, – дээрсиздер. Бирок ушул күнгө чейин кыйналып, Москвада үйдө аялэне, сыртта эркек болуп, эзилип кеттим. Ага да мейли эле, балдарым атасыз калганына өкүнөм.

Бир туугандар да катышпайбыз. Экинчи эжем гана мына эми түшүндүм деп, мени менен бир аз сүйлөшүп калды. Калган бир туугандарым аман болсун, алардан үмүтүмдү үзүп койгом.

***

Бул оору менен канча жашарымды ким билет. Апамдын мээримин көрбөй, батасын албай өлүп кетемби деп корком. “Москвадан өлүгүң келсин!” – деген каргышы эч эсимден кетпей койду. Акча деп жүрүп апам бизди бактысыз кылып жатат. Ар кимдин өз арманы бар, бирок меникиндей арман болбосо керек.

***

Канткенде апамдан жылуу сөз угам? Оорумдан айыкпай калсам, биринчи өлүп кетсем мейли эле, болгону жылуу сөзү менен мээримин жарым эле саатка көрсөм кана?! Алладан кечирим сурап, апама кызмат кылып калсам экен дегем. Бирок апам бизди таптакыр сүйбөй койду. Бирок билбейм, эмнеге?

***

Анчалык неге карарат? Ууру кылган жокмун, бузулуп ичип кеткен жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Болгон күнөөм – баарын ачык, бетке айтам. Апамдын, инимдин, сиңдимдин кылыктарын айтып: “Акыретти ойлогула” – деп, өзүмө душман кылдым. Ага чейин эле мен өгөйлөнчү элем, эми таптакыр душман болдум.