Жаңы үлгүдөгү техпаспорт колдонууга киргизилди

Жаңы үлгүдөгү транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Мамкаттоо кызматы 26-июлдан тарта автоунаанын жаңы үлгүдөгү күбөлүгүн бере баштаган. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт.

«Ошол эле учурда 2019-жылдын 10-июнунан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192 сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы. Жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктө жыйырмадан ашык күчөтүлгөн коргоо элементтери киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жаңы үлгүдөгү күбөлүк 2019-жылдын 26-июлунан тартып катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет. Ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт.