Кыргызстандын туристтик потенциалынын бүгүнкүсү жана эртеңи

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстандын ааламда жок Ысык-Көлү, аркайган аска зоолору, аркыраган дарыялары, ажайып жашыл төрлөрү, эчен кылымдык этномаданияты жыл өткөн сайын чет өлкөлүк туристтерди тартууда. Быйылкы туризм азыр кызуу маалы. Анын жыйынтыгын жыл аягында чыгарабыз. Ал эми былтыркы (2018- жыл) жылы өлкөбүзгө 6 млн. 946.5 миң чет элдик туристтердин келиши, бизде туризм жолго коюлуп, кирешелүү тармакка айланганын көрсөтүп турат. Тагыраагы туризм Кыргызстандын ИДПсынын 4.99 пайызын түзөт.

Канаты жайылган – Каракол

Ошол эле былтыркы жылдын көрсөткүчүн алганда туризмден республиканын бюджетине 107 млн. 54.9 миң сом салык түшкөн. Же болбосо 2018-жылы Кыргызстанга келген ар бир турист, орточо алганда 329 доллардан калтырып келишкен. Ушул жагынан алганда аймактардын өнүгүшүндө туризмдин орду абдан олуттуу экендиги жыл өткөн сайын сезиле баштады. Өзгөчө инфраструктурасы мыкты, тоолуу шаарлар кышыжайы дебей туристтердин мекенине айланууда. Анын бири Каракол шаары. Кышкысын лыжа тебүүгө келген туристтердин көптүгүнөн Каракол шаарында мейманкана таба албайсың. Бул көрүнүш жайкысын деле уланууда. Ысык-Көлдүн боюнда тургандыгы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каркыра сыяктуу жайлоолорго жакындыгы Каракол шаарынын атагын алыска чыгарууда.

Жакында эле “ТурСтат” туристтик агенттиги жүргүзгөн социологиялык сурамжылоолордо – Каракол шаары, эң мыкты делген тоо курортторунун алдыңкы ондугуна кирип отурат. Ошондой Ысык-Көлдүн өзү КМШ мамлекеттеринин ичинен эң мыкты делген эс алуучу жайлардын алдыңкы үчтүгүнө кирет. Азыркы күндө Ысык-Көлдө элдин көптүгүнөн ыргыткан алма жерге түшпөй турган маалы. Анын үстүнө учурдагы күндүн ысык болушу ички туризм агымын да күчөтүп жиберди. Демек, көлдө туризмден түшүүчү элдин кирешеси, былтыркыдан жогору болот деген ишенимдебиз.

Туристтерди тейлөө тармагы өсүүдө

Жалпы алганда быйылкы жылы 486 эс алуу мекемелери тейлөө көрсөтүүдө. Анын ичинде 100дөн ашуун эс алуу пансионаттары, 33 балдардын эс алуу жайлары жана ден-соолук чыңдоочу спорттук лагерлери, 29 оорунун алдын алуучу санаторийлер, 7 эс алуу үйү, 18 туристтик базалары бар. Ушулардын дээрлик көпчүлүгү Ысык-Көлдө жайгашкан. Мындан тышкары 185 мейманкана, 64 турфирма, тогуз жаратылыш паркы туристтерге кызмат кылууда.

Мындан тышкары 2019-жылдын 1-январына карата ишмердүүлүгү туризмге байланышкан 111,3 миң чарба жүргүзүүчү субъектилер (юридикалык жана физикалык жактар) каттоодон өтүшкөн. Булардын арасында туристтик товарларды чыгарууга, сатууга жана туристтик-экскурсиялык тейлөө көрсөтүүгө адистешкен мекемелер бар. Ошондой бул чарба жүргүзүүчү субъектилердин 11,3 пайызы же 12 миңден ашууну мейманкана, эс алуу үйү, ресторан, дарылоо-эс алуу жайлары катары катталышкан. Ушунун өзү Кыргызстанда туризм тармагы гүлдөп өсүп баратат деп айтканга мүмкүнчүлүк берет.

Кошумчалай кетсек былтыркы жылы мейманканалар туризмден 3 млрд 278,7 млн. сом табышса, ресторан, коомдук тамактануу жайлары 10 млрд. сомдон ашуун киреше табышкан. Ошондой эле туризм курулушуна былтыр 27 млрд.сомдук инвестиция салынганы да кубанычтуу көрүнүш. Быйыл деле бул багытта көп иштер жасалып жатса керек, жылдын жыйынтыгында айтабыз да.

Дагы эмне кылышыбыз керек?!

Ысык-Көлдү эске албаганда, башка багыттардагы туризм – Кыргызстан үчүн жаңы тармак экенинин моюнга албай кое албайбыз. Ушундан улам туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, түз авиакаттамдарын уюштуруу, жергиликтүү жана борбордук аэропортторду эл аралык деңгээлге жеткирүү, туризм багытында атайын адистерди даярдоо, тейлөө сапатын жогорулатуу өңдүү маселелер бар. Мындан тышкары туристтердин дүйнөлүк агымы экологиясы таза, тамагы да сапаттуу өлкөлөргө агылып жатканын көңүлгө алсак, бул жагынан жасай турган иштерибиз арбын.

Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынын (облустарынын), өздөрүнүн туристтик потенциалы жана аны өнүктүрүү боюнча так программасы болушу керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы.