Эми айдоочулардан пара алуу токтойбу?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ордуна түзүлүүчү Милициянын кайгуул кызматына жарандарды конкурстук негизде кабыл алуу жүргүзүлгөн. Аталган кызмат Бишкекте сынамык долбоордун алкагында түзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана ИИМдин кызматкерлеринин арасында коррупцияны азайтуу максатында түзүлгөн.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында жалпысынан 871 кызмат орунга, тактап айтканда, начальниктин орун басарлыгынан тартып, кенже курамдагы кызматкерге чейин кызмат орундарына конкурс жарыяланган. Талапкерлердин арасынан 102 жаран конкурстан өтпөй калган. Алардын арасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын учурдагы башчысы Шайырбек Бопонов, анын орун басары Мирлан Чалыбаев да бар. Шаардык башкармалыктын экинчи орун басары Мирлан Боенов Милициянын кайгуул кызматынын начальнигинин орун басарлыгына маектешүүдөн өткөн.

Бул долбоор жол коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдеги бөлүмдөрдү реформалоо боюнча иштиктүү топ тарабынан сунушталып, ал эми иштиктүү топ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн. Аталган долбоор боюнча бул кызматтын кайрадан түзүлүшү коомчулукта кызыгууну жараткан.

ИИМдеги жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жаңы кызматтын түзүлүшүндө анын курамын топтоо конкурс аркылуу жүргүзүлүп жатканы ачык-айкындуулукту камсыздоону көздөөрүн айтып: “Эгер бул кызмат орундарга тааныш аркылуу кимдир бирөө келе турган болсо, ал мыйзам талаптарына жооп бере албайт. Ошондуктан реформанын алгачкы этабында эле мыйзамдуулукка, ачык-айкындуулукка басым жасалып, кызмат орундарга конкурс жарыяланган.Талапкерлерди сынактан өткөрүүдө биринчиден алардын жалпы билими тест аркылуу текшерилди. Анткени талапкерлердин акыл-эси, дүйнө таанымы жана жөндөмдүүлүгү ар бир милиционер үчүн маанилүү эмеспи”, – деди.

Конкурстун шарты боюнча орто билимин текшерген тесттен 30 пайыздан төмөн балл алып калгандар кийинки сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Жалпысынан 1292 талапкер катышып, анын ичинен 762си учурда кызмат өтөп жаткан милиционерлер болсо, 530у катардагы жарандар болгон. Талапкерлердин арасында кээ бирлери соттолгондугу жана кылмышкерлер менен байланышы болгондугу үчүн атайын текшерүүнүн натыйжасында конкурстан четтетилген.

Ал эми дене тарбиясы боюнча 176 милиция кызматкери жана 170 жарандык жаштар конкурстун талабына жооп бере алган. Дене тарбиясы боюнча 3 чакырымдык кросс жана турникке тартынуу талапкерлердин ден соолугу жана чыдамкайлыгы канчалык деңгээлде экендигин анык көрсөткөн. Анткени бул курамды түзүүдө комиссия ар бир талапкердин боюна жана салмагына өзгөчө көңүл бурган.

Буга чейин Өкмөт тарабынан жаңы кызматтын кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору болору жана заманбап материалдыктехника менен жабдылышы үчүн атайын каражат каралганы маалымдалган.

Ошондой эле бул кызматты кубаттаган Ички иштер министрлиги сынакка милиция кызматкерлери эле эмес, катардагы жарандардын катышып жатканы кубандырарын айтып, конкурс ачык-айкын, атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө өтөрүн, комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү жана ИИМдин кызматкерлери катышарын, ал эми сынактан өткөн талапкерлер ИИМдин базасында Академияда 3 айлык окутуу курсунан өтүшөрүн айткан.

2016-жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында ИИМдин алдында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык түзүлгөнү менен, жеткиликтүү каражат бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу ал натыйжалуу иш алып бара алган эмес. Мындан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерлеринин арасында коррупцияга батып, пара алган учурлар кездешкен. Мындай көрүнүштөрдөн улам бул кызматтагыларга элдин ишеними солгундаган. Андыктан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын реформалап, Милиция нын кайгуул кызматынын башкармалыгын жаңыдан кайра түзүп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.

Ошондуктан жарандар ынанган ишенимдүү коргоочусу жана өнөктөшү катары көргөн милицияны кайрадан түзүү, мындан сырткары ИИМдин бөлүктөрүндөгү коррупцияга бөгөт коюу бул учурдун талабы болгон.

Аталган сынамык долбоорду жүзөгө ашыруу алгач Бишкек шаарында башталып, андан соң региондорго өтөт. Долбоор боюнча жаңыдан түзүлгөн Милициянын кайгуул кызматы жеткиликтүү иш алып баруу үчүн бай материалдык-техникалык база менен жабдылып, автоунаа, компьютерлер жана 20000 сомдон жогору айлык маяналар берилиши күтүлүүдө. Учурда кызмат орундарга сынактын негизинде өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын 3 айлык окуу курсунда жаңы нукта иш алып баруу максатында билим алышып, даярдыктан өтүшүүдө.

ИИМдин алдында кайрадан түзүлгөн Милициянын кайгуул кызматынын максаты жана алардын ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма-сөз кызматынын башчысы Тилек Исаевге кайрылганыбызда ал: “Милициянын кайгуул кызматына кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлүүдө. Биринчи этапта 6-июнга чейин арыздарды кабыл алганбыз. Жалпысынан кызмат орундарга талапкер болуу үчүн 1291 жарандан арыз келип түшкөн. Жалпы орто билими боюнча тест тапшырышты. Мындан сырткары дене тарбиясынан нормативдерди тапшырышып, маектешүү болду. Булардын ичинен 358 адам биринчи этапта өтүп, ИИМдин Академиялык базасында билим алышууда.

Ал эми кызмат орундарына кабыл алуу боюнча экинчи этап 24-августка чейин жүргүзүлөт. Конкурстук негизде кабыл алынган жарандар 1-октябрдан тартып кызматтык милдеттерин аткарып башташат. Бул кызматтагылардын автоунаасына, кийим-кечесине, кызматтык техникалык жабдыктар менен камсыз болушуна Өкмөттөн тиешелүү акча каражаты каралган. Бул долбоордун 2016-жылы түзүлгөн кайгуул кызматынан айырмачылыгы бар. Мурда жол кыймылын көзөмөлдөгөнү 2 кызматкерди 1 айдоочу коштоп чыкса, азыр 2 кызматкер гана чыгат. Айдоочу дагы кызматтык иш алып барууга жөндөмдүү болушу керек деген талап коюлуп, экөөнө бирдей укук берилет.

Ошондой эле мурдагы кайгуул кызматындагылар 10 000 сомдун айланасында айлык маяна алышса, жаңыдан түзүлгөн кызматтын эң төмөнкү айлыгы 20 000 сомдон ашат. Алардын автоунаасы борт компьютер менен жабдылып, “Коопсуз шаар” долбоорунун тутамына бириктирилет. “Коопсуз шаар” аркылуу автоунаада эле бекитилген аймак ичиндеги башка автоунааларда кылмышкер, жол эрежесин бузгандар же айып пул төлөбөгөндөр бара жатканы тууралуу маалымат алууга болот”, – деди.