«Киттери» да, «биттери» да колго түшүүдө

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстандын башкы көйгөйү – коррупция болуп жатканын тана албай деле калдык. Ошол эле учурда ага каршы күрөшүүдө бир нече мамлекеттик күч органдары иш алып барып жатканы менен майдандан келген кабардан бетер тигил же бул чиновниктин коррупцияга байланыштуу кармалгандыгы тууралуу маалыматтар азая элек.

50 миң долларды бир жуткан кекиртек

Жакында сот Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары, коррупцияга шектелип кармалган А. Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. Ал 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 120 миң долларын мурун алганы айтылат. Баарынан кызыгы булар түзгөн коррупциялык схема боюнча баш-аягы 520 миң доллар алмак болгон экен. Чиркин, кекиртек эле ушулардыкы. Эми, таба эмес, тобо! “Колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың”, – деп кыргыз бекер айтпайт.

Мындай фактыларды карап отуруп, бу коррупция түшкүрүң биздин чиновниктердин жугуштуу оорусубу деп да кетесиң. Болбосо, эки күндүн биринде эле “коррупция менен кармалыптыр” деген маалыматтар чыга калбайт эле. Же болбосо “жебеген жердин алдында” деген түшүнүк менен иштеген чиновниктер деги азаябы деген ойго алдырасың. Ооба чиновниктер! Карапайым адамдар кайда-ан? Коррупция, паракорлук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу өңдүү “таяке-жээндер, карындаштар” – мамлекеттик ресурстарга колу жеткендердин, тагыраагы чиновниктердин гана оорусу. Болгондо да, бүтүндөй мамлекеттин өнүгүүсүн тушаган, ошол эле карапайым калктын бийликке, мамлекеттин эртеңкисине болгон ишеничин күм-жам кылган кесепет.

Кыянатчылар, паракорчулар парады уланууда

Мындай мисалдар же кызматынан кыянаттык менен пайдалануу – коррупциянын бир тууган таякеси экенин баары эле жакшы билет. Себеби, коррупциялык системаны мына ушул кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар түптөйт.

Аскер прокуратурасы жакында эле ӨКМ министринин кеңешчиси Н.Ж.ны кармап, СИЗОго жетелеп барып киргизип койду. Соттун чечими боюнча ал 2 айга абакта калтырылды. Ага коррупция беренеси (319) боюнча айып коюлууда.

Коррупциянын – паракорчулук деген “карындашы” да бар. Кашыкөзү кара, бар мүчөсү келишкен жылмаңдаган неме аралап өткөндө айрым чиновниктер, акыл-эсин, башкысы ар-намысын жоготуп, колдору шыпылдап “келе эле келе” деп калышат. Мисал келтирсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Октябрь районунун экономика жана финансы бөлүмүнүн соода секторунун башчысы кармалып отурат. Бул эргул коомдук жалпы пайдалануучу жайда соода кылууга уруксат бергендиги үчүн системалуу түрдө пара алып келиптир. Ошону менен жумушчу кабинетинде 14 миң сомду нак алып, оң чөнтөгүнө солоп жаткан жеринен кармалган. Ага КР ЖКнын 326-беренеси (пара алуу) боюнча айып коюлуп, учурда СИЗОдо.

Бу паракорчулук түшкө кирбеген жерлерде да ойсоңдоп жүргөнү оозуңу ачырат. Ушул эле Октябрь районунун Билим борборунун жооптуу кызматкери фирма-подрячиктин өкүлүнөн 15 миң сом алып жатканда УКМКнын укуругуна илинген.

Өткөндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Социалдык фонддун Сузак райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басарын 10 миң сом пара алып жатканда колго чапты. Орун басар түшкүрүң документтериңди жайгарып берем шылтоосу менен ушул эле адамдан мурдараак 13 миң сом алган экен. Иш баш-аягы 22 миң сом менен бүтмөй болуптур.

Коррупция, паракорчулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу дартына чалдыккандар тууралуу мындай мисалдарды келтире берсек кагаз бети түтпөйт. Кептин баары туташ каптап кеткендигинде болуп жатат. Бир гана жалпыбыз күрөшпөсөк жыйынтык чыкпайт окшойт. Тегин жеринен Президент Сооронбай Жээнбеков “Коррупцияга малынгандар жалпы элдин жек көрүүсүнө айланышы керек” маанисинде айтпаса керек.

Канаты жайылган коррупция…

Учурда 2019-жылдын алты айындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылууда. Алты айды айтпайлы, соңку үч айды гана алсак, коррупция боюнча кармалгандардын саны азайып кеткен жери жок. Баарынан кызыгы тармактары да ар кыл. Аргасыздан коррупцияга чалдыкпаган Кыргызстандын бир дагы тармагы калбай калганбы деген санаа жан дүйнөңдүн быт-чытын чыгарат.

Мисалга кайрылсак – Эсеп палатасы! “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей бюджет чыгымын көзөмөлдөөчү бул салабаттуу, салмагы сайдын ташындай мамлекеттик органга сөз тийгизгендер да өздөрүнүн ичинен чыгып жатканы өкүнүчтүү. Жакында эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Эсеп палатысынын бакыйган башкы инспектору А.Н. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин текшеримиш болгону менен финансылык бузууларга көз жумуп койгондугу, башкача айтканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы (КР ЖКнын 320-беренеси) тууралуу маалымат таратты. Майда-чүйдөсүнө токтолуп отурбайлы, анткени бул иш боюнча тергөө жүрүүдө, башкы инспектор А.Н. 1 айга камакка алынган. Айталы дегенибиз, Эсеп палатасынын инспектору, бюджеттин чыгымын көзөмөлдөгөндүн ордуна, акырын билмексен болуп көмүп жаткандыгы болууда… Ар жагы түшүнүктүү.

Күрөшүп жаткан күч түзүмдөрү…

Учурда тиешелүү күч түзүмдөрү 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарган иштеринин жыйынтыктарын чыгарууда. КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын 6 айлык отчетун карап көрсөк, 2019-жылдын 6 айында Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүштөгү 1495 иштен келтирилген зыян 4 млрд. 399,9 млн сомду түзгөн. Аталган кызмат мунун 2 млрд. 826,2 млн. сомун кайра кайтарган. Ал эми Коррупциядан түшүүчү каражаттардын Бирдиктүү депозиттик эсебине алты айда 362 млн.сом которгон. Айта кетүүчү нерсе бул кызматты кармоого 2019-жылга карата мамлекеттен 175 млн. 458 миң сом бөлүнгөн болсо, булар кайра мамлекетке 2 млрд. 826,2 млн. сомду кайтарып отурушат.

Эми, Башкы прокуратуранын 6 айдагы көрсөткүчүн карап көрөлү. Коррупция менен күрөшүү багытында прокуратура органдары тарабынан 1640 текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча 1376 прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, 47 млн. 614 миң 991 сом мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган. Ал эми, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында прокуратура органдары тарабынан 2709 текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча 3161 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген жана 79 млн. 480 миң 808 сом мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган. Жалпы алганда коррупция менен күрөшүүнүн Бирдиктүү эсебине 1 млрд. 443 млн. сом которулган. Анын ичинде ИИМ 7 млн. которгон.

УКМКда уктаган Рустамов…Түн уйкудан безген Түлеев…

Гезит чыгып жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовду, анын айтылуу шоопуру (жардамчысы) Арслан Ибраевди 2000 доллар параны ар бири 1000 доллардан бөлүп алышып, чөнтөккө уруп койгон жеринен кармагандыгы тууралуу маалымат таратты. Маалыматка караганда А.Рустамов шоопуру экөө Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы токой чарбасынан чет өлкөлүк жаранга 5 гектар жер бөлүп берүү маселесин оң чечип беребиз дешип пара талап кылышыптыр.

Дегеле, бул агенттик тууралуу акыркы жылдарда коомчулукта да, депутаттар чөйрөсүндө да жакшы сөз айтыла элек. Атургай, Коопсуздук Кеңешинде да каралып, А.Рустамовду иштен айдоо сунушу айтылган. Ошону менен Өкмөт башчы тарабынан олчойгон эскертүүсөгүштөрдү (жаңылбасам 4 болуш керек эле, жаңылсам ак чөп башта) алган А.Рустамов кабагым-кашым дебей эле иштеп жүрчү.

Ал эми Коопсуздук Кеңешинин материалдарына таянсак, аталган мекемеде санариптештирүү дегендин жыты да жоктугу, анын айынан коррупциянын келип чыгышына шарт түзүлгөндүгү, мамлекеттик коргоого алынган аймактын 335 гектарына дем алуу үйлөрүн жана башка үйлөрдү курууга жол берилгендиги, бир катар кызматкерлердин кайра-кайра чет мамлекеттерге чыгып туруусу, атүгүл штаттан тышкары кызматкердин бир жылда 7 жолу чет мамлекетке жөнөтүлүшү, анын ичинде директордун шоопурунун Женевага ТИМге билдирбей “тымпыйып” барып келиши, баарынан да кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга уруксат берүүдө жетекчиликтин жасалма колу коюлгандыгы ж.б. кинелер коюлган.

Баса, А.Рустамов шоопуруна (жардамчысы да болот) чаң жугузбай актап, анын Швейцарияга экинчи тараптын чакыруусу боюнча барганын, “Кыргызстан-Тажикстан” долбоору боюнча Сузак районундагы мөөнөтү өткөн пестициддерди жана эски калдыктарды жок кылуу маселесин чечип келгендигин ЖМКларга билдирип чыккан. Бул жагынан алганда Илмияновдон кийинки эле таасирдүү шоопур ушул А.Рустамовдуку болгон. Ошону менен А.Рустамов УКМКда уктоодо…Эмне түш көрүп жатканын кайдан билебиз?

Бирок, жакындан бери экс-мэр Нариман Түлеевдин уйкусу бузулгандыгы анык. Анын мэр болуп “менсинип” турган чагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ала-Арча 3 шаарчасынан, ар бири 650 чарчы метрлик бир нече жерди жакындарына жаздырып алып койгондугу ачыкталып, учурда Баш прокуратура куйругун толгой баштаган чагы.

Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖКнын 320-беренесинин 2 бөлүгү боюнча (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Жыйынтыктап айтсак, бүгүнкү күндө коррупцияга колу малынгандардын эртели-кеч жооп бере тургандыктары белгилүү болуп калды. Бул коррупцияга “шыктууларды” эсине келтиреби же “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” дешип, шымаланган эргулдар беш салаасын билегине чейин салып ийишеби көрө жатарбыз!