Улуттук Госпиталга тартип жана адилеттүүлүк керек

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен, Иманбаева Салтанат Сулаймановна, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын бөлүм башчысы сизге ачык кат аркылуу кайрылууга аргасыз болдум. Сизди конституциянын кепилдиги жана коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдарга барат деген илгери үмүт менен мени каралап жаткан врачтардын тобуна каршы чара көрүүңүздү өтүнөм. Мага жалаа жаап, жок жерден каралап жатышкан Улуттук Госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын врачтары өз милдеттерин, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтерин так билишпейт. Бүгүнкү күндө профессионалдык милдеттерин аткаруунун ордуна жумушуна шалаакы мамиле жасап жетекчисинин абийирине негизсиз доо кетиришүүдө. Баары мен “больничныйда” жүргөндө башталган. 2018-жылдын акырында врач Л.И.Бушуевага кайрылган Р. Умуралиева аттуу бейтап операциядан кийин абалы оорлоп, каза болуп калган. Бул түздөн-түз врач Бушуеванын күнөөсү деп эсептейм. Адам өлүмүнө алып келген мындай шалаакылык иши үчүн башкы врач Д.Сагынбаева аны өз эрки менен жумуштан бошоп кетүүсүнө шарт түзүп, жок дегенде сөгүш жарыялап койгонго жараган эмес. Арадан 2 жума өтпөй Кадыралиева бейтапты жасалма аныктамалар (липовая справка) аркылуу операция кылгысы келген. Мен текшерген учурда 8 жаштагы бейтап кыз жана анын организми оор наркозго, операцияга даяр эместиги анык болгон. Буга карабай Кадыралиева операция жасаганга шашкан. Мен бул иш менен таанышып, кокустуктун алдын алып, ошол кездеги жетекчи Сагынбаевага кайрылгам. Операциянын жыйынтыгы леталдык абалга кептелмек. Алдын алып, операцияны токтотуп калганым аларга жаккан жок. Мындан тышкары акыркы 2-3 жылдар аралыгында 3 өспүрүмгө ийгиликсиз операция жасап, наркоз салуу менен экинчи ирет операция кылышкан. Анан да буга чейин Найманбаева аттуу врачтын колунан дагы бир 75 жаштагы бейтап запкы жеген. Анын оорулуу көзүнүн ордуна соо көзүнө операция жасап, аны майыпка айландырышты. Жакшына көрүп жаткан аксакал көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бул кылмыш да.

Улуттук госпиталда чоң чуу жараткан дагы бир окуя Б.Шаршеева аттуу врачыбыз жаш кыздын бир көзүнө туура эмес операция жасап, бир көзү агып калган. Кийин кыздын алдынан өтүп атып ал ишти жабышты окшойт. Ал эми Кенжаева жасаган операция ийгиликсиз болуп, бейтап 1 жыл бою дарыланган. Бирок көзү көр болуп калгандыктан соттошууга чейин барышкан. Эксперттердин корутундусуна врачтын күнөөсү жок деп табышып ишти жапкан. Себеби ошол кезде Сагынбаева аларды коруп турчу. Бирок бейтаптын көзү көрбөй калганын жашыра алышпайт да. Улуттук госпиталда Мамазияева аттуу врач иштейт. Өзү профпатология бөлүмүндө иштегенине карабастан Сагынбаеванын көрсөтмөсү менен Көз хирургиясы бөлүмүндө да иштеп калган. Ал бейтаптардын оору тарыхын түзбөстөн, анализдерин албастан оорулууларды палатага жайгаштырып, аларга ички веналык инъекцияларды дайындаган. Адам өмүрүнө жасалган мындай шалаакылыгы үчүн башкы врач Сагынбаева ага болгону сөгүш эле берип койгон. Мындайча айтканда, элементардык милдеттерин так аткара албаган врачтардын ыйык кесипти аркалоосуна негиз да, моралдык укугу дагы жок болчу. Дарт тарыхын (история болезни) толтурганды, аныктаманы так койгонду, документация иштерин жүргүзүүнү, жабдууларда иштөөнү так билишпейт. Талап кылган мендей жетекчилер мындайларга жакпасы бышык. Кезинде мени мыйзамсыз жумуштан алышты, мен мыйзамдын негизинде кайра жумуш ордума кайтып келдим. 33 жылдык тажрыйбам бар, дасыккан врач катары 20 жылга жакын Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургия бөлүмүн жетектеп, бул аралыкта 54 миң бейтапты дарылап, анын 7 миңден ашуунуна операция жасагам. Менин демилгем жана тынымсыз аракетимдин негизинде 70 жылдын ичинде биринчи жолу №1 Көз хирургия бөлүмү толук капиталдык оңдоодон өтүп, терезелери, сантехникасы, суу жана жылуулук берүү системалары толугу менен жаңыртылып, 600 миң сомдон ашык суммага эмеректер сатып алынып, 70 бейтаптык койка, жумшак жана катуу инвентарлар орнотулган. Бир канча долбоорлорду жазып Швейцариялык Кызыл Крест менин долбоорума 500 миңге жакын долларды бөлдүртүп берди. Аны менен кошо жаңы жабдуулар, эң акыркы моделдеги көз үчүн 2 микроскоп, диагноз коюучу жабдуулар келди. Врачтар эс алуучу бөлмөлөр заманбап стилде ыңгайлуу болуп жасалды. Мунун баарын мамлекеттен бир тыйын сурабай өз эмгегимдин эсебинен жасаткам. Ош шаарында, Бишкекте илимий конференцияларды байма-бай өткөрүп келем. Муну баары билет. Мага каршы чыгып жаткандардын эмне жумуш жасаганына карасак эчтеке жок. Мен түзүп берген шарттарда, жылуу-жумшак орундуктарда отуруп алып каралоо менен убара. Иштегендин ордуна. Менин колдоом менен чет өлкөдө окуп келишти. Бирок бир доклад жасашкан жок. Арызчылардын башында турган Кадыралиева 18 жыл бою менин орун басарым болуп жүрдү. 2 ирет менин өтүнүчүм менен Бишкек шаарынын мыкты офтальмологу болгон. Анан бейтаптын өлүмүнөн соң жоопкерчиликтен качуу максатында мага каршы тарапка өттү. Буга чейин менин үстүмөн прокуратурага, финполицияга арызданган, бирок факт аныкталган жок. Жакында да финполицияга арызданды, бирок Улуттук Госпиталдын бухгалтериясы эч кандай мыйзамдан тыш факт таппады. Демек Кадыралиеванын аракети ушак, жалаа жабуу болуп эсептелет. Ошондуктан урматтуу Президент моралдык зыян жана жумушума тоскоолдук кылган, негизсиз каралап жаткан врачтардын бир ууч тобуна чечкиндүү чара көрүүңүздү жана Улуттук Госпиталда тартипти орнотуп берүүңүздү өтүнөм. Учурда Улуттук госпиталдын администрациясы дагы мурунку система менен иштеп жатат. Мен жазган рапортторго маани бербей, мага каршы жазгандарга дароо реакция кылат. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы Улуттук госпиталда болуп жаткан анархияга чек коюп, көзөмөл кылса деп кайрылам. Президенттик администрация тарабынан чечкиндүү кадамдар болооруна ишенем жана үмүт этем.

Салтанат ИМАНБАЕВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы,
КРнын саламаттыкты сактоонун отличниги,
Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн башчысы

P.S.Улуттук Госпиталдагы бул кармашка көз салып, окуяны ичинен изилдеп, тийиштүү документтер менен таанышып көрүп, буга чейин эки-үч жолу макала жарыя кылганбыз. Кыргызстандагы алдыңкы көз доктур Салтанат Иманбаевага карата бейтапкана жетекчилиги тарабынан укмуштуудай кысым, чабуул жасалганына карабастан өзүнүн актыгын, ишине тактыгын мыйзам жүзүндө далилдеп келди. Мисалы, Батукаевдин иши боюнча соттолуп жаткан, мурдагы башчы Динара Сагынбаева 18 жылда бир дагы сөгүш, эскертме албаган С. Иманбаевага 1 эле жылдын ичинде ар кандай жок шылтоолор менен 5-6 жолу сөгүш жарыялап, жумуштан алып салган. Бардыгында тең Иманбаева өзүнүн аргументтерин келтирип, райондук, шаардык, жогорку соттон бери өз чындыгын далилдеп, утуп чыккан. Сот аркылуу кызматына калыбына келгенден кийин дагы Сагынбаева эскертүү, сөгүш бергенге үлгүргөн. Акыры өзү Батукаевдин иши боюнча камалып чыгып, иштен алынды. Өчөшкөн топтун акыркы аракети аша чаап, Салтанат Иманбаеваны пара алды деп, орусча айтканда “подстава” кылышканга чейин барышты (Бул тууралуу гезитибиздин 2019-жылдын 7-июнундагы №42 санында “Салтанатка салынган тузагы текке кетти” деген аталышта макалабыз чыккан). Чынында эле Иманбаева алардын тузагына илинген эмес, анткени ал ишин так аткарган. Окуяны кыскача эскере кетсек, көздөрү дээрлик көрбөй калган бир апага Салтанат Иманбаева тарабынан ийгиликтүү операция жасалып, байкуш кемпирдин көзү ачылып, рахматын кайра-кайра айткан. Бирок операцияга чейин көзгө коюлган хрусталикке кеткен чыгымды бейтаптын кызы “кийин төлөйүн, азыр акчам жок” деп жалдыраган. Ошол акыны төлөп берген бейтаптын кызы берки кутумчулардын сөзүнө кирип, Иманбаева пара алды деп чыгат. Бирок Салтанат Иманбаева пара эмес, жасаган операциясынын жана ага кеткен каражаттардын акысын гана алганын, аптекалык товардык чекти көрсөтүп, укук коргоо кызматкерлерине тастыктап берген. Ошондон кийин Иманбаева кол астындагы врачтарга ар бир сатып алынган керектүү дары-дармек жана кызмат көрсөтүү үчүн чек талап кылууга өтөт. Мындай аракет аларга көп жага бербей, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк болбой калган. Себеби бөлүм башчы Иманбаева чек аркылуу алардын иш аракеттерин көзөмөлдөй баштаган. Алардын оюнда бааларды жогорулатып, жада калса Улуттук Госпитал экенине карабай жеке клиникалардын баасы менен бирдей кызмат көрсөткүлөрү келген. Эмнегедир мындай аракеттер буга чейин мурдагы башчы Сагынбаеванын көз жаздымында калып келген. Ал тургай Иманбаева көзгө сая көрсөтүп, бир нече ирет врачтардын үстүнөн факт менен арызданган учурда дагы Сагынбаева бир үн каткан эмес.

Өлкө башчыга жазылган С. Иманбаеванын жогорудагы “Ачык катында” айтылган жапа чеккен бейтаптардын айрымдары “Де-Факто” гезитине маек беришиптир. Өзгөртпөй берип коюууну туура көрдүк.

КИМ Леонид Тайденович, бейтап: «Найманбаеванын айынан соо көзүм көрбөй калды» – Леонид Тайденович, сиз Улуттук Госпиталда көзүңүзгө операция жасаттыңыз беле жана операция кандай болду?

– Менин жашым 75те, бейтапканадан каттоом боюнча Улуттук Госпиталга келгем. Оң көзүм оорулуу болгондуктан, операция жасатмакмын. Ушул жылдын январында Улуттук Госпиталдын көз врачы Найманбаева Анара Садыковнага туш келдим. Анын атын өмүр бою эстеп калам го. Операцияга киргизишти, наркоз сайышты. Операциядан кийин менин соо болгон 90% жакшы көргөн сол көзүмө Найманбаева операция кылыптыр. Натыйжасында көрбөй калдым. Оң көзүмдүн көрүүсү 10% болчу. Арыз менен баш врачка кайрылдым. Найманбаеванын өзүнө «кантип ушундай болсун» десем башында күнөөсүн мойнуна албай, «ушундай болот негизи» деп так секирип аткан. Кийин оорунун тарыхы менен кайра таанышканбы, мени сооротуунун жолун издеп жүрдү. Учурда 1-Май ШИИБнин тергөөчүсү тарабынан иш тергелип жатат, буюрса сотко чейин барат. Мен акырына чейин соттошом. Найманбаеванын тажрыйбасыздыгынан соо көзүм да көрбөй калды. Аны өлтүргөнгө же муштаганга акым жок, мен андан кеткен каражаттарды жана моралдык чыгым төлөп берүүсүн сотто талап кылам. Менин арызымдан кийин Улуттук Госпиталдын врачы С.Сулайманова оорулуу болгон оң көзүмө операция жасап берди. Кудайга шүгүр, азыр ошол көзүм менен көрүп тиричилигимди кылып атам. Ал врачка сөз жок, мыкты. Ал эми Найманбаева мыйзам алдында жооп бериши керек. Угушумча, мындан 5-6 жыл мурун дагы так ушул Найманбаева бир бейтаптын соо көзүнө укол сайып, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан экен. Ошондо алардан качып Америкада жүрүп, баары унутулган соң кайра келип, өз ишин улантып жатыптыр. Мен Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин кайрылгам. Ал жакта Анара Ешходжаева деген айым менин катымды караган, бирок бир жылыш болгон жок. Кийин билсем, Ешходжаева менен Найманбаева ынак группалаш курбулардан экен. Найманбаеваны калкалап жатат бүгүнкү күнгө чейин. Мындай врач деген улуу атка татыксыз адамдардын иштегенге моралдык укугу жок деп ойлойм.

– Буга чейин сизге кайрылышты беле?

– Ооба далай жолу ар кандай адамдар кайрылышты. Бүгүнкү күнгө чейин арызыңды кайра артка ал, сүйлөшөлү дегендер бар. Ал кишинин ишине тоскоол болбо дешет. Бирок мен акырына чейин барам.

Азиз АБДЫЛДАЕВ, операцияга даярдалган Сайкал Зарлыкованын тууганы: «Анализдери начар чыкса дагы операцияга уруксат беришиптир»

– Сайкалдын көзү ооруп Улуттук госпиталдын көз бөлүмүнө кайрылганбыз. Аны текшерип көрүп, Кадыралиева деген врач операция кылса болот деген. Биз даярданып калдык. Кийин бөлүм башчысы анализдерди караганда кызымдын гайморит менен ооруп жатканын аныктаган. Көрсө гайморит учурунда операция кылууга тыюу салынат экен. Ошондо кокус операция жасатсак арты жаман болмоктугун түшүндүрүп берди башкы врач. Бөлүм башчынын байкап калганынан улам операция жылдырылган. Көрсө берки врачтар эптеп эле операция кылып, акча алса болду экен. Кийин башка жактан операция жасаттык, бирок врач Салтанат Сулаймановна айткандай эч кандай жыйынтык болгон жок. Учурда кыз гайморити кармап ооруп жатат. Буюрса толугу менен сакайса Иманбаевага кайрылабыз деп турабыз.

Даярдаган Тиленбек АЗЫК