Ирина СҮЙӨРКУЛОВА: «Чет элдиктер көшөгөнүн артына келип, комузубузду таң калуу менен кармалап көрүшөт…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери кыргыздын салттуу музыкасын жайылтуу, жаш муундарга эле эмес, каалоочулардын бардыгына, атүгүл чет элдик жарандарга да комуздун кереметин үйрөтүп, болгону үч кылдан турган жөпжөнөкөй жыгач аспапка жан киргизип, тил бүтүрүп сүйлөтүүнүн чебери болгон Ирина Сүйөркулова, ошол эле учурда дүйнөгө кыргыз музыкасын тааныткан “Акак” комузчулар ансамблинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси. Ушул доордогу комуз үйрөтүү боюнча устаттардын чебери И.Сүйөркулованын атасы да, чоң атасы да комузда кол ойноткон чебер адамдар болушкан. Бул тууралуу: “Чоң энемдин Ажыбай деген бир тууган агасы да чоң комузчу болуптур. А чоң энем өзү ооз комузду оозунун ичине салып мыкты какчу, ошол эле маалда колу менен ийрик ийип же өрмөк өрө берчү. Мага: «Чоң таекең залкар комузчу болгон, ооз комуз менен комузду биздин тукум жогору баалайт, үйрөнсөң боло,” — деп калчу. Мени Аксы районунун Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык мектебинен окутушканы да ошондон улам”, – дейт.

– Ирина Сүйөркуловна, Президентибиздин жарлыгы менен 9-сентябрь Комуз күнү болуп белгиленди. Буюрса, улуттук баалуулугубуз болгон комуздун кадыр-баркы дагы да артат деген ойдобуз. Ал эми сиздер 20 жылдан ашуун убакыттан бери эле комуз менен дүйнө кыдырып келе жатпайсыздарбы. Менимче, ансамбль менен өзүңүздүн чыгармачылык жолуңуз да сапарлаш окшойт?

– Ошондой десек да болот. Анткени, мен 1994-жылы Мукаш Абдраев атындагы мектепке иштегени келгенимде 20 жашта болчумун. Ага чейин, ошол төрт жыл ичинде да ансамбль түзүү тууралуу ойлонуп, “жакшы тилек – жарым ырыс” деп жүрсөм, бир күнү мектептен да ушундай сунуш түшүп калды. Ошентип, 1998-жылы жети окуучум менен «Акак» ансамблин түзүп, көп өтпөй эле, борборубуздагы опера балет театрында өткөн эл аралык концертке катышуу менен тушообуз кесилген. Ал концерттен кийин россиялык белгилүү дирижер, скрипач Владимир Спиваковдун юбилейине – Москвадагы чоң концертке чакыруу алганбыз. Ошол жыйырма жыл аралыгында кыргыз маданиятына үзгүлтүксүз кызмат кылып келе жатабыз.

– “Акактын” өзөгүнөн өзгөчө суурулуп чыккан комузчулар болдубу?

– Албетте, болду. Биринчи курамынан Перизат Ибраева деген окуучум окуп жүргөндө эле эл аралык конкурстардын лауреаты болуп, Францияда, Данияда, Швецияда концерт берген. Дайыма гран-прини, биринчиликти алып жүрчү. Азыр “Камбарканда” эмгектенет. Алина Жунушова деген элдин көзүнө көрүнүп калган комузчу кызыбыз бар, аны да алты жашынан окуттум, дагы Дүйшөнбек уулу Закирбек кыргыздын улуттук аспабында уккан кулактын кумарын кандырып, жакшы келатат. Калгандары да Кыргызстандын булуң-бурчунда иштеп жүрүшөт.

 – Курам улам жаңыланып турат да? Жаңы акакчыларды кабыл алуу кандай шартта болот?

– Деги эле комузду сүйүп, комузга бүт жандилин төшөгөн каалоочуларга эшигибиз дайыма ачык. Бирок өзүм азыр да музыкалык мектепте сабак бергендиктен, ал жактагы таланттуу балдарды билем. Алар мектептен кийин консерваторияга келип, кайра эле бизден билим алышат. Мына ошолордун ичинен өздөрү эле ыргалып, ансамблге татыктуулар көрүнүп калат.

– Деги эле “Акаксыз” өткөн мамлекеттик маданий ишчаралар, чет элдик салттуу музыка боюнча фестивалдар аз болуш керек?

– Мамлекеттик, өкмөттүк ишчараларга, концерттерге калбай катышып келе жатабыз. Мисалы, соңку эле учурду алсак, Көчмөндөр оюндарынын үч жолку өткөрүлүшүнө тең катыштык. Андан сырткары, КМШнын бир катар өлкөлөрүндө, Американын Бостон, Вашингтон, Нью-Йорк ж.б. шаарларында, Индияда, Японияда, Түркияда, Кувейтте, Астанада, ж.б. мамлекеттерде концерт койдук.

– Эзели комузду көрбөгөн чет элдиктер кандай кабыл алышат?

– Баарынан таң калыштуусу, башка өлкөлөрдөн барган конокторго караганда, бизге көбүрөөк көңүл бурууларын байкайм. Комуз чертилгенден кийин атайын көшөгөнүн артына чыгып келишип: “Комузду кармап көрсөк болобу?” – деп суранып, кармалап көрүп, ушул үч кылдуу, жөнөкөй эле аспаптан кантип кулакты кубантып, жүрөк кылын черткилеген күү – мелодия ойнолуп жатканына ишенип-ишенбей, суктанып да, таң калып да карашат. Ал эле эмес, кийип турган кийимдерибизге да колун тийгизип көргүлөрү келип, уруксат сурашат. Оймо-чиймелерди кармалап көрүшөт. Мындай учурда алардын көздөрүндөгү: “Кантип? Кантип?” – деген жообун таба алышпаган суроону көрүүгө болот.

– Комуз үйрөнүүнү каалаган чет элдиктер болду беле?

– Албетте, болгон. Болмок турсун, үйрөнүшкөн. Мисалы, Америкадан испан улутундагы бир жигитке комуз үйрөткөм. Ал ошол эле убакта кыргыз тилине да кызыгып, экөөнү бирдей үйрөнүп кеткен. Андан сырткары, түркиялык, япондук жарандарга комуздан сабак бердим. Кадимкидей чертип кеткендер болду.

– Кыргыздын го, канында бар, ал эми чет элдиктерге үйрөтүү кыйын болсо керек? Кайсы өлкөдө бат үйрөнүшөт?

– Беш-алты улуттун өкүлдөрүнө сабак бердим, бирок ошолордун арасынан тез өздөштүрүүсү менен өзгөчөлөнгөнү – япондуктар болду. 1999-2000-жылдары Япониядан келген кыздарды окуттум. Абдан дилгирлиги, аракетчилдиги менен эсимде калды. – Сиздерди казактар өздөрүнө чакырган дешет, ушул чынбы? – Ооба, 2005-жылы: «Бизге келип иштеп бербейсиңерби? Үй-жай беребиз, акча жакшы төлөйбүз», – деген сунуш болгон. Бирок: “Кыргыздын комузу менен кыргызыбызга эле кызмат кылалычы”, – дегенбиз.

– Ансамбль – айтууга оңой болгону менен, иш жүзүндө, бир эле убакта бир канча кишиге бирдей черттирүү кыйын чыгар?

– Алгач ар бир артистке өзөзүнчө ар бир күүнү баштан аяк профессионалдык деңгээлде, чыгарманын ньюанстарын үтүрчекитине чейин билгидей кылып үйрөтүп чыгыш керек. Андан кийин чогуу, синхрондуу үйрөтүү зарыл. Баары бирдей ойнош үчүн, баарын бирдей уга билиш керек, колдору бирдей ыкма менен ойноп жатканын так көзөмөлдөө керек. Дайыма айтам: “Балдар, Атайдын күүсүн ойноп жатпайбызбы, жалгыз Атай ойноп жаткандай чертиш керек. Бирибиз өйдө, бирибиз ылдый чертсек болбой калат», – деп. — «Акак» ансамблинин өзгөчө көзгө көрүнүп, айырмаланып туруусунун сыры эмнеде? — Көркөм боёк бере билүү керек. Мисалы, репертуардагы «Маш ботойду» же «Ак тамак, көк тамакты» алалы. Буларга өзүмдүн фантазиям менен көркөмдүк кошком. Албетте чыгарманын автордук өзөгүн жоготпойбуз, бирок кол ойнотулган жерлерин кошуп, көркөмдөп, элге уккулуктуу, көрүнүктүү болуш үчүн чыгармачылык менен эмгектенебиз.

– Репертуар деп калбадыңызбы?

– Репертуарыбыз кенен, анын ичинде бардык залкарларыбыздын – Ниязалы Борошов, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Мукаш Борбиев, Шекербек Шеркулов, Чалагыз Иманкулов, Эркесары Бекбасаровдун күүлөрү жана ошондой эле элдик күүлөр да камтылган.

– Айтмакчы, ансамблдин аты эмне себептен “Акак?”

– Бир жолу СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев агайыбыз ансамблди угуп, көрүп, өзүнүн ой-тилектерин айтып, ыраазычылыгын билдирип: “Кызым, эми бул ансамблдин аты болуш керек”, – деген сунуш айтып калды. Бирок ынанган жокмун. Тартындым. “Бир укмуштуудай чоң ансамбль болсо бир жөн, кичинекей эле ансамбль болсок, ат кое койсок кандай болот? Адегенде элге, маданиятка кызмат кылалы”, – дегем оюмда. Бирок биринчи жолу Кыргызстандан чыгып, Москвага гастролго бардык дебедимби, ошондо скрипач Спиваков дагы ушуну сунуш кылып калды.

Ошентип, Москвадан кайра кайтып, самолетто учуп келе жатканыбызда “Акак” деген ат оюма тык этип эле туруп калды. Анткени, мен кичине кезде чоң энем: “Көз тийбесин, акактай таза, сулуу болушсун”, – деп тонубузга акак таш деп тагып койчу. “Акак” – кыргыз баалаган таза, тунук таш. Ушул таштай тунук, бекем, ошонусу менен кадыр-баркка ээ, жалпы элдик, дүйнөлүк ансамбль болсо экен деген ак тилек, асыл үмүт менен, ошентип, ансамблдин атын “Акак” койгонбуз.