«Дантико» жетимдерди үйүнөн айрыба?!

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бир баланын энеси, 34 жаштагы Рыскүл Базарбаева мындан эки жыл мурун Россияда иштеп жүрүп, көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап майып болгон. Учурда он бир жашар уулун жалгыз бой тарбиялоодо.

Рыскүл төрт бир туугандын кичүүсү. Он бир жашында атасы каза болуп, балдарды апасы жалгыз багып чоңойткон. Балдары чоңоюп, Рыскүл мектепти бүткөндөн кийин балдарын алып, жан бакканы Москвага келишкен. “Москвага эжекелерим, жезделерим, апам болуп баарыбыз келгенбиз. Пол жууп, идиш-аяк жууп, эл эмне жумушта иштесе, мен да ошол жумуштарды жасачумун. Кийин, паспорт алгандан кийин дүкөндө сатуучу болуп, көп жыл иштедим”, – дейт Рыскүл.

Орусиянын жарандыгын алып, турмушка чыгып, балалуу болот. Бирок жолдошу экөөнүн тагдыры эки ачакей түшүп, балалуу болгондон кийин ажырашып, уулу менен калат. Антсе да, бала кезинен анча-мынчага кабагым-кашым дебеген жаш эне белин бекем бууп, баласы үчүн жашап калат. Орусиянын жарандыгын алып: Баары эми жакшы болот деп турган маалда, апасы менен эжеси жол кырсыгынан каза болот. “Эжем дароо эле жан бериптир. Артында алты баласы калды. Жездебиз болсо ошол каргашалуу окуядан кийин көрүнбөй кетти. Балдары биз менен калды. Андан кийин апам өттү. Адегенде менин тапкан акчам апамдын дары-дармегине гана жетип турду. Ошонун айынан апамдын сөөгүн жерге бергенде келе албай калдым”, – дейт Рыскүл. Ошол убакта ишимден кыскартууга учурап, ишсиз калдым.

“Какаганга – муштаган” болуп, бул жоготуу Рыскүлгө кошумча түйшүк алып келет. “Апам менен эжем Сокулуктагы үйүбүздү кепилдикке коюп, банктан 800 миң сом насыя алышкан экен. Үй ошол каза болгон эжемдин наамында болчу. Үстөгү менен бир миллион эки жүз болуп кетиптир. Ыйлап-сыктап, эжемди жайына берип, анан акыбалы катуу болуп жаткан апамдын ден соолугу менен алышып калдык, анан апам өтүп кетти. Ошол учурда банк үйдү алып койбосун деп: “Макул, мен төлөйм!” – деп, жанымды карч уруп иштей баштадым.

Айткандай эле, бирөөлөрдүн үйүн жыйнап, эшик-терезе жууй турган жумуш таптым. Ар бир үйгө барган сайын: “Ушунун үйүн жакшы тазалап, оюндагыдай жыйнап берсем, кийинкиде дагы чакырат”, – деген ишенич менен, болгон дилимди коюп иштечүмүн. Ошентип жүрүп, насыянын негизги 800 миң сомун төлөдүм. Калган 400 миң сому калганда минтип майып болуп, жатып калдым.

Ошол, кырсыкка учураган күнү да оюмда жаман эч нерсе жок, абдан аракеттенип, терезе жууп жаткам. Ноябрь айы болгондуктан, күн сууктап калган. Жаңы жылга даярданып, орустар үйлөрүн жыйнап, тазалап жаткан маал болчу. Терезени самындап жаткам. Бутумда чоңураак тапочка эле, бир убакта тайып кетип, учканымды бир билем, башкасын билбейм. Эсиме үч күндөн кийин келипмин.

Бул каргашалуу окуядан кийин Рыскүлдүн бел омурткасы сынып, эки буту кыймылдабай калган. “Ооруканада абдан жакшы карашты, эки жолу акысыз, бир сом албай операция кылышты. Бирок: “Бул кыздын акыбалы өтө оор, жада калса отура албай калат”, – дешти. Бир айдан кийин ооруканадан чыктым.

Рыскүл кырсыкка кабылгандан кийин Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы кепилдикке коюлган үйүнө келип, өзүнүн уулу жана каза болгон эжесинин алты баласы, аларды карап атасынын бир тууган карындашы болуп жашап калышат. Рыскүлдү күнү-түнү карап, балдардын баарын багып отурган эжесинин бир кызы бар. Ал дүкөнгө же дагы башка иштер менен сыртка чыкканда кошуна-колоңдору көз салат.

Он бир жаштагы уулу Даниель апасынын жардамчысы. Рыскүл жандүйнөсүндө канчалык кыйналып турса да, сыртынан кабагымкашым дебей күлүп турушу Даниель үчүн канчалык күч-кубат экени талашсыз. Эс кирип калган, баарын билип, көрүп, апасынын арабада отурган абалына ансыз да тестиер баланын заманасы тарып жүргөнү айтпаса да белгилүү. “Кудайыма шүгүр кылам, кол арага жараган уулум бар. Бирок ошол эле убакта: “Ойноор убакта мени карап, мага алаксып калды – деп өкүнүп кетем”, – дейт Рыскүл.

Жашап турган эки бөлмөлүү, жарым жартылай бүткөн үй кепилдикте турбаганда эненин көңүлү жайыраак болуп, ден соолугу батыраак оңолуп кетет беле? Анда өзү жана уулу үчүн эле эмес, Рыскүл эжесин эш тутуп отурушкан береги алты жетим үчүн да жеңилирээк болбойт беле. Айтор, карыздын айынан бул үйдөн бир күнү сыртка чыгып калабызбы деген коркунуч ар биринин жүрөгүн өйүйт.

“Мыйзамды билбей, укугумду коргой албай жатамбы деп ойлойм. Болбосо, намыс үчүн деп жанымды оозума тиштеп, майып болуп калгычакты өлгөн адамдардын карызын төлөп, негизги суммасын бердим. Калганын кечип коюуга адамгерчилик да мыйзам да кантип жол бербейт? Үйдү алып коюшса, алты жетим көчөдө калабы? Майыптык арабада мен эмне болом?” – дейт майып келин.

А бирок Рыскүл Кудайга ишенет жана басып кетеринен, жаркын келечегинен үмүт үзбөйт. “Жакшылыктан үмүтүм такыр үзүлбөйт. Кудай бар да. Ал кантип эле мени, өлгөндөн калган мынабу жетимдерди таштап салсын?” – дейт.

Ооба, Кудай бар, эл бар…

Балким, “Дантико” кредиттик союзу деле бул тууралуу ойлонуп, жетимдердин абалын жеңилдетүүнүн жол-жобосун издеп жаткандыр. Рыскүлгө байланышып, ал-акыбалынан кабар алып, жардамга кол сунабыз деген мекендештерибиз болсо, жеке номери: 0702 25-11-83.