Бийиктикке карай…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бүгүнкү мейманыбыз – Нурзат ТОКТОСУНОВА, “NUR” ораторлук чеберчилик академиясынын негиздөөчүсү, алып баруучу.

“Баарынан кичүүсү – баарынын “эжеси”

Бала кезинен көзгө көрүнүп, оозго алынган сезимтал, зирек, ошондо эле оюндагысын тартынбай ортого салмай мүнөзү бар тыкылдаган кичинекей Нурзаттын жоруктары көп. Бир жолу бала бакчада эки тарбиячы: “Менин колумдан гүл жакшы өспөйт, курт түшүп кетет”, – деп сүйлөшүп отурса, Нурзат: “Эжекелер, гүл курттабаш үчүн эмне кылышты билесиздерби? Жумуртканын кабыгын майдалап туруп топуракка аралаштырып коюңуздар”, – десе, эжейлери: “Кенедей туруп билбегени жок. Анан да тилинин тактыгын кара”, – деп бир чети уялып, ыраазы болуп, таң калып да калышкан тура.
Нурзат – Тогузбай, Теңизбай, Доктурбай, Мукамбет, Гүлнара, Максат, Элмира деген, өзүн кошкондо сегиз бир туугандын эң кенжеси болсо да, эже-байкелери аны алигиче эркелетип: “Нурзат эже”, – дешкени да бекеринен эмес.
А балким, кызынын келечекте кыргыздын сыймыктуу кызы болоруна көзү жеткенби, атасы кошо: “Чоң апа”, – деп эркелетип, дайыма төргө отургузуп, конок келгенде да: “Менин чоң апам сүйлөп койсунчу”, – деп сөз берчү экен.
Айтмакчы, Нурзат жайлоодо төрөлгөндүктөн, Гуля аттуу таежеси болбогондо аты Жайлоогүл болуп калмак окшойт. “Коюңуздарчы, чоңойгондо бул ат ага жарашпай калат”, – деп, акыры нурдай жанган кыз болсун деп, Нурзат деген ысым ыйгарышыптыр. Ошол кезде атаэнеси, Темирболот ата – 52, Бүбүш апа – 44 жашта экен.
“Атам ушундай сонун адам эле, эгерде аркы дүйнөдө чындап эле бейиш бар болсо, анда атам сөзсүз бейишке чыкты деп ойлойм, – деп ар дайым атасы тууралуу сыймыктануу менен эскерет. – Билесизби, жада калса кумурскага зыян келтирбеген адам эле. Бир жолу тоодон отун сүйрөтүп келе жатса, жолдо кумурскалар чубап өтүп жатышат дейт. Ошондо атам аларды тебелеп, жолун бузуп албайын деп, аттын башын бура тартып, бул өзү үчүн канчалык машакат жаратып жатканына карабай, тээ алыстан айланып өткөн тура… Менин атам ушундай боорукер адам болчу. Анан да абдан эмгекчил, карыса да эңкейбеген түптүз, тиштери жаркырап бүп-бүтүн болгон бир башкача сулуу болчу. Менин атам ушундай бир башкача адам эле”, – дейт атасынын кызы.

“Казанга бышкан оромо…”

Нурзат мектепте активдүү окуучулардын катарын толуктап, 7-11-класска чейин президент болгон. Ошол эле убакта бирда жолу, “5” деген баадан башка баа алып көрбөгөнүн айтат. Ошондой эле жаны тынбаган мээнеткечтиги да бала кезинен калган. Бул – апасынан калган мүнөз экенин айтат. “Апам такыр жаны тынчып отурбаган эмгекчил адам. Бизден да ошону талап кылчу. Ошондуктан баарыбыз чыйрак өстүк”, – дейт Нурзат.
Жайкы үч айлык каникулда жайлоого чыгып, уй саап, бээ саап, казанга тамак жасаганын көп эстейт. «Тогуз жашымда биринчи жолу казанга оромо жасап, чөптөн келе жаткан байке-жеңелеримди тосуп алып таң калтыргам», – дейт ал.

“Бийиктикке карай…”

Айрыкча кыргыз тили, адабияты сабагын сүйүп окуган. Натыйжада, мектепте окуп жүргөндө кыргыз тили боюнча олимпиадага катышып, жеңүүчү болгон жана Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшырган.
Ал эми 2012-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин Социалдык маданий ишмердүүлүк факультетин бүтүргөн. Андан кийин Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантурада окуп, “Манас» эпосундагы символикалар” боюнча кандидаттык ишин баштаган.
Телевидениеге кастинг аркылуу келип, алып баруучулукка 150 кыздын арасынан жеңүүчү болгон жана 2005-жылы 25-февралда биринчи жолу эфирдин босогосун аттаган. Улуттук хит-парад музыкалык программасында жарым жыл иштегенден кийин жеке фирмада эмгектенип, андан соң «Браво» программасында иштеген.
Ошентип, жалаң изденүү жана алдыга умтулуу менен жашаган кыз Нурзат Токтосунова «Нур» алып баруучулар мектебин негиздеп, мектеп “Нур” академиясына айланган жана учурда андан канчалаган теле алып баруучулар, тамадалар тарбияланып, кыргыз маданиятына салымдарын кошууда. Бул тууралуу: “Эл ичинде тартынчаак, эл алдына чыгып, эркин сүйлөй албагандар көп. Мунун айынан жакшы иштерди жасай албагандар да бар. Анан да: «Теле, радиолорго кантип орношобуз? Кантип журналист болобуз?» – деп кайрылгандар көп болгондуктан, өз ийгилигимди, өз тажрыйбамды алар менен бөлүшкүм келди жана алып баруучулар мектебин ачтым. Андан кийин мектеп академия болду. Азыр кичинекей бөбөктөрдөн тартып, орто муундагы адамдар келип өзүнүн сүйлөө речин өстүрүп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.
Анткени, азыркы кезде кайсыл жерде болбосун тил керек болуп калбадыбы. Ким жакшы сүйлөй алса, ошонун иши жүрүп жаткан кез. Мисалга, депутаттардан бирөө чыгып, аябай жалындуу сүйлөп койсо, «Ой азамат, мына ушул бизди жыргатат», — дейбиз. Ал эми, жакшы иштерди жасап жаткан бир адам чыгып, жүдөп-какап сүйлөй албай жатса: «Ай койчу, ушул бизди жыргатмак беле?» – дейбиз. Ошондуктан, ким болбосун эркин сүйлөй билиш керек. Каалоочулар көп болгондуктан, улуу муундагы адамдарга да билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Айтаарым, дегеле майрамкеченин алып баруучусу болуудан мурун, өз жашооңдун алып баруучусу бол!
Кудай буюрса, учурда өз жемишин берип жаткан кез. Биздин окуучулардын басымдуу бөлүгү ири масштабдагы иш-чараларда, майрам-кечелерде, тойтопурларда, телевидение, радио, гезитжурналдарда кызмат өтөп жатышат.
Биздин мектепте томолой жетимдер акысыз окушса, жакшы окугандарга жеңилдиктер, көптөгөн жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган”, – дейт Нурзат.

Акберметтин ата-энеси…

Айтмакчы, Нурзаттын жолдошу – Акбермет аттуу алмончоктой кызынын атасы, мыкты алып баруучу Максат Надырбеков дагы 2012-жылы “Нур” академиясынан окуган. “Устатынан шакирти өтөт” болуп, кийин Нурзат экөө кесиптешке айланып, бара-бара тил табыша жактырышып, 2015-жылы 20-июнда баш кошушкан.
“Нурзат аябай жакшы адам. Бардык жердин чегин билип, терең ойлонуу менен акыл калчап, иш алып барат. Ичинде кири, жаман ою таптакыр жок. «Адамдарга жардам берсем» деген сезим ичинде ойноп турат. Ошол жагын аябай сыйлайм. Кыскасын айтканда мага мыкты жубай, үйдө ата-энеме супер келин. Жогоруда айткандай, үйгө деле көп токтобойбуз. Дегеним, жумуш деп жүрүп, көп учурда үйгө кеч келебиз. Аябай эрте келдик деп, саатты карасак, түнкү 00:00дөн өтүп кеткен болот. Бирок, анткен менен Нурзаттын колунан баары келет жана мага да, ата-энеме, жумушуна да көңүл буруп, бардыгына үлгүрөт. «Нурзат чындыгында эле ата-энеме мыкты келин болуп жатат» деп ойлойм. Себеби, ата-энем ар убак ыраазы болуп, ар бир күнү жумушка кетээрибизде ак батасын берип, «Дайыма бир жүргүлө» деп турат, – дейт Максат.
Айтымдарында, Нурзаттын төркүнү дагы Максатка ыраазы. “Максатты менин төркүндөрүм аябай жакшы көрүшөт. «Жакшы күйөө бала» деп алкап турушат. Билесизби, мен Максаттын чынчылдыгын жакшы көрөм. Анан да аябай ак көңүл, боорукер жан. Дайыма айткан сөзүнө туруп, убагында жасайт. Максат чыныгы эркек. Ал мен үчүн жазылып бүтпөс чыгарма, ырдалып бүтпөс музыка. Жакшы жубай, жакшы ата”, – дейт Нурзат.
Максаттын айтымында, алардын: «Урушуп уктабашыбыз керек», – деген келишими бар. “Ооба, ошентип бирибирибизге бекем сөз бергенбиз. Чынында эле бири-бирибизге катуу үн чыгарып урушпайбыз. Максат Кудай жалгап акылдуу болуп, уруш-талашыбызды андан ары улантпайт. Бат эле элдешип, күлүп калабыз”, – дейт Нурзат.
Алар үчүн баары бир тең, кызына болгон аруу тилектери бир тең экенин жашырышпайт. “Акберметти аман-эсен чоңойтуп, татыктуу таалим-тарбия берсек экен. Биз ата-энелерибиз менен сыймыктанган сыяктуу, балдарыбыз да келечекте биз менен сыймыктанып турушса экен…” – деген аруу сезимдер учурда жаш ата-эненин көкүрөк-көңүлүндө уялап турган чагы…