Боордоштор адабияты: «Унутпа » — деп айта албадым эмнеге?

Алма Түсүпбекова эгизибиз казак элинин жылдызы жанып келаткан таланттарынын бири. Ал 1978 жылы 17- сентябрда Караганда облусунун Улуу районунда дүйнөгө келген. Ө.А. Байкоңыров  атындағы Жезказган университетинин филология, юридика факультеттерин бүтүргөн. Учурда Казакстан Жогорку сотунун “КР Жогорку сотунун бюллетеннин” жоопту катчысы. “Жанарымдагы жазуулар” жана “Ак канаттуу периштем” ырлар жыйнагынын автору. Төмөндө акындын айрым ырларын жарыялайбыз.

 Өлөң сен…

 Өзөгүмдө өзүң жүрдүң дайыма,
Чымын жанды күзгө таяп такалдым.
Өлүү түндө өзүмдү өзүм мүлжүдүм,
Өлөң сенде куну барбы атамдын?!

Өлөң сага бердим белем жанымды?
А мен өзүм абдан эле чарчадым,
…Андай болсо сен коргочу арымды.
Поэзия падышадай төргө өтсүн,
Көрсө көрөөр жарыбаган жайымды.

Ушу өлөңдө деги эмнем бар эле?
(Талаа болчу сырдашканым алгачкы).
Тирлик деле өткөн менен нугунда,
Тирүүлөй бир далай ирет жар басты.

Кайдан, кантип жакшы көрдүм өлөңдү?
Көрсөттү бейм, ойдун түбү тереңди.
Өлөң издеп касиеттүү талаамдан,
Бедиундей кезип жүрүп өлөмбү?

Бул үмүттү мойнума артып теңдейин,
Мен жөнүндө ыр жазарсың сен кийин.
…Бирок дагы жан дүйнөмдүн жарасын,
Кара өлөңсүз кантип гана эмдейин?

Үн ката албай кысылдым

Каарыган суук, муз бүгүн,
Карап жатат бизди ким?
…Бердим жаным колуңа,
Сезимимдин тизгинин.

Жоо бүтсө жолума,
Тагдырымдын тору да.
…Үмүт менен сунамын,
Жүрөгүмдү колуңа.

Аймаласаң көз менен,
Араң чыкпай өзүмдөн.
…Жага билсең жайын таап,
От чыгат ээ сезимден.

Жүрөк туйлап сүзүлдүм,
Сен да мени түшүндүң.
Берилгенден сезимге,
Үн ката албай кысылдым.

Бакыт багын аралап,
Кучагына ыктадык.
Үнсүз турдук дагы эле,
Тынчтыкты аяп бузбадык.

Из калтырбай, илинбей,
Өмүр өтөт билинбей,
…Тил бар бекен ааламда,
Үнсүздүктүн тилиндей.

  Сени сагындым

Айдың көлдөн жалгыз аккуу көргөндө,
Жамы-тирлик жанга келип төнгөндө,
Күндөр өтсө шаңдуу, муңдуу, шерменде,
Сени сагындым…

Сагынычка кандай гана жан чыдар?
Өткөн күндөр сезимимди камчылар,
Тереземди каккан кезде тамчылар,
Сени сагындым…

Аян болуп мен жазуучу дастанга,
Аялуу сыр тунган кезде асманга,
Айсыз түндөр тумчуктура басканда,
Сени сагындым…

Асыл өмүр арманда өтүп аңгырап,
Алым куруп турган кезде шалдырап,
Калкып келип кулаганда жалбырак,
Сени сагындым…

Колума алып өзүң жазган каттарды,
Кезип келем биз жүрүүчү бактарды,
Көргөн кезде кулап жаткан ак карды,
Сени сагындым…

Жакшылыкты кабар берип эртеңим,
Чакырганда жылбай турат эрте күн,
Бирок, бирок…кажыганда келте муң,
Сени сагындым…

Сен болчу жанымда

 Мен ойгонгондо
Аалам балкып бир керемет толгонгондо.
Жан дүйнөм жашын сүртүп бир азыраак,
Көңүлгө шаттык толуп той болгондо.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!

 

Мен кубанганда,
Колума кулабаган туу алганда.
Убакытты ыйык жалын кармап алып,
Бакыттын багын кайра сугарганда.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!

Мен күлгөн кезде,
Қубанычтын кырын кезип жүргөн кезде.
Көңүлдүн азаптарын серпип салып,
Өмүрдүн ажайыбын билген кезде,
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!

… Мен кайгырганда,
Көңүлүм калган кезде күн-айдан да,
Бул аалам бүт айрылып акыл-эстен,
Бул аалам айрылганда чырайдан да
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!

Мен издегенде,
Кайрылбай кетип калбай күз келгенде.
Уусуна жалгыздыктын таштап салбай,
Калтырбай курган жанды сыз жерине.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!…

Билчи жаным…

Элесиң ажайып да…касиеттей,
Эстегенде көзүмдүн жашы кетпей.
Өрткө кеткир өмүрдө өлө сүйдүм,
Өзүңө жүрөгүмдүн табы жетпей.

Кала бердим,
Ушул беле сенин “тартууң”,
Алаамат күн.
Адаштым арасында кайгы-бактын.
…Эбедейиң эзилип балаңа бир,
Колтукташып жарың менен бара жаттың.

Эркелетет аялын, алганы гүл,
Эгиз жүрөк — баратты, арманы бир!
…Үчүнчүсү меники эле…Жараткандын,
Өксүтүп бу башыма салган бул!

Токтотсом деп өзүңдү жеңден тартып,
Сезимдерден келе калган кайра кайтып,
Арзуумдан айрылганга жооп таппай,
Арылап учуп барат санаам калкып.

Жүрөм дале бакыттын жолун карап,
Сени сүйөм!
Айтаарым ушул жаным.
“Кудайым коштошууну жазба ” дейм да,
Аялыңды эстесем тартынамын..

Мен, мүмкүн күнөөлүмүн,
Тагдырымдын,
Бою бийик, күүсү арман чынарымын.
Билбегеним көп дечи, бирок билем,
Бир аныгы,
Махабаттын мончоктой тумарымын.

Жараткандын багынып жарлыгына,
Өксүйм кээде, дүйнөнүн тарлыгына,
Тооба дейин теңирге, жаным менин,
Бул алаамда сенин да барлыгыңа!…

Тирлигимдин күндөгүдөй асманы көк,
Татаал тагдыр айткандай “ташка гүл эк”.
…Билчи жаным, ааламда бар экенин,
Бир сен үчүн согуп турган башка жүрөк.

Бир ырым бар…

Экөөбүзгө арналып,
Ажайыпка арбалып.
Алтымыш эки тамырда,
Агат ырлар айланып.

Сүрдөп кетем оюмда,
Окулса дейм тоюмда.
Миң алакет түшүргөн,
Бир ыр жүрөт боюмда.

Булуттай кээде түнөрсөм,
Бирде гүлдөй ачылам…
Катылуу бир ырым бар,
Кан-тамырда ташыган.

Каталык

 Жолукканбыз бекер биз,
Каталыктан кезигишкен экенбиз.
Бакыт тилеп коштошкомун өзүңө,
Эми экөөбүз, бейтаанышпыс, бөтөнбүз.

Айтканда эмне, жакшы-жаман өткөнүн
Ал күндөрдөн алаар энчим жок менин.
Гүл ордуна, муңду сунуп турчу элең,
Тереземди какпачы эми өткөнүм.

Жаратканым жолго салды чубаган,
Тагдырыма кандай каршы тура алам?
Эчен жолу, сүрүнгөм да, кулагам,
Жабыркагам ыйлагам.

…Өчтү сезим экөөбүздө маталып,
Өмүр келди күз маалына такалып.
“Жалган” деген биринчи аты өмүрдүн,
Экинчи аты каталык!

Үмүт деген- ар пенденин күткөнү,
Көңүл кушум көкөлөчү, талбачы.
Асман толгон ак түстөр да калбады,
Кара нокто – тагдырымдын тамгасы.

Мына ушундай башка түшкөн нокто-өмүр,
Кара тамга, кара түндөр топто бир.
Азабыңдын качан бүтөт аягы,
Айланайын Көк теңир!

Санаам менин толгон менен суракка,
А мен үчүн сенин атың – ыр накта.
Атыңды да унутупмун (кечиргин).

 ЫРАСПЫ

Өкүнүчтү азайтып,
Кесепетти суюлтуп,
Жолдомо алып эртеңге
Бакыттан орун буюртуп,
Келгендигиң ыраспы?

Келбес бактым дегемин,
Мен деп жүрөк аптыкты.
Арман тоосун жылдырып,
Алып мага шаттыкты,
Келгендигиң ыраспы?

Күтүү менен таң нурун,
Муңдуу өтчү ар күнүм.
Айтуу үчүн тек мага,
Махабаттын барлыгын,
Келгендигиң ыраспы?

Кээде бордой эзилдим,
Кемип турган кезим миң.
Терметүүгө түбөлүк,
Ак бешигин сезимдин.
Келгендигиң ыраспы?

Жакшылыктын жемишин,
Тердиң – сенин женишиң.
Арман-санаа аралаш.
Бул өмүргө мен үчүн,
Келгендигиң ыраспы?

Туңгуюк көзүмдө…

Сүйдүрүп кыйнатканыңды,
Сүйбөй бирок ыйлатканыңды,
Өзүңдөн көр.

Сени чексиз сүйөөрүмдү,
Сен үчүн отко күйөөрүмдү,
Көзүмдөн көр.

Ар убак муңга батырганыңды,
Аргасыздыкты чакырганыңды,
Өзүңдөн көр.

Бактыма сени баалаганымды,
Нур сымал жүзүң тараганымды,
Көзүмдөн көр.

Бийик дечү элем, төмөндүгүңдү,
Көөдөнүң туйбас кереңдигинди,
Өзүңдөн көр.

Туңгуюк сымал тереңдигимди,
Сезимге бекем берендигимди,
Көзүмдөн көр.

Жанымдын шамын жандырганыңды,
Жаныңдан таппай кайгырганыңды,
Өзүңдөн көр.

Сен десем дайым элжирегенимди,
Жел тийген жибектей делбирегенимди,
Көзүмдөн көр…

Экөөбүз бир ырдайлы кайырмасын!

Жетти эми кыйнаганың!
Бакыттын балы менен сыйла жаным.
Өзүң барда өмүрүм гүл ачкандай,
Өзүң жокто жоготом мүлдө барын.

Жетет эми ыйлатканың!
Касиетин сен да бил бул ак таңдын.
Сен болбосоң кең алаам тарыгандай,
Сен барда бардык муңдан арыламын.

Өттү ушул өкүнгөнүм!
Жөн болор сезим сени өчүргөнүм.
Сен барда сүйүү түнөп айдыңыма,
Сен жокто жалгыз аккуу сезилемин.

Жетет го күйүнгөнүм!
(Мен али үкүлүү үмүт үйүндөмүн).
Тек гана сени билип тагдырым деп,
Тек сени баа жетпеген сыйым дедим.

Келе гой, келчи мага!
Мен элем, жан-жүрөгү ширин адам.
Өзөгүм толгон менен өкүнүчкө,
Махабат!
Түбү сенден өчүмдү алам.

Жараткан жайсыздыктан айырсын да,
Өткөнүм суу түбүндө байырласын.
…Бакыттын үнү угулат тиги кырдан,
Экөөбүз бир ырдайлы кайырмасын.

 

Унутпа деп айта албадым эмнеге?


«Кош» — дедим мен.
Айтып алып сыздадым,
«Жалган» болчу, кайра ичимден муздадым.

(Өзүң элең өмүрдөгү ар-мекен,
Аны айтууга кантип оозум барды экен?)

«Бактылуу бол» — дедим анан тиштенип,
Алда кайдан өнө-бойго күч келип…

(Жарашчу элек, бирибизге бирибиз,
Жаным, эми эмне болот күнүбүз?…)

«Аман жүрчү» — дедим дагы күбүрөп,
Көңүлүмдү кыйбастыктын муңу өрдөп.

(Амандыгың – сүйгөндүгүм мен сени,
…Эмне болот бул сезимдин эртеңи?..)

«Теңиңди тап, — дедим дагы-үшкүрдүм,
Ушул беле сен экөөбүз күткөн күн?..

(Тең элек биз, кеттик неге ажырап?
Өткөн күнгө көз салалы азыраак…)

Кээде айтаарын унуткан бир пенде де,
«Унутпа » — деп айта албадым эмнеге?

 

Тал чыбык

 

Жалбырагынан жаш эмес эле зар чыгып,

Катаал күздүн жамгырына жанчылып.

Калч-калч этет жүрүп өтсө муздак жел,

Сен экөөбүз отургузган тал чыбык.

 

Кара сууктан өнө бою майышып,

Катаалдыктан араң турат кайышып.

Кара нөшөр жалбырагын жулккулап.

Коер эмес жаны ачып.

 

Кандай айтсам, тал чыбыктын бул түрүн,

Катуу жамгыр кетириптир шүйкүмүн.

О, Кудайым! Анык угуп турдум мен,

Тал чыбыктын тамырынын түрсүлүн!

 

Таппай турдум не кылардын айласын,

Көктөн түшүп сүртпөсү анык Ай жашын.

Коргон болчу, муздактыктан коргочу,

Кайдасың сен? Кайдасың?

 

Мөлтүр жашым көздөн агып коюлду,

Талга жабуу кыла салып боюмду.

Биз экөөбүз чырпыгында тиккенбиз,

Аяп турдум…Анан карап жолуңду!…

 

Поэзия

 

Өчпөй турган шоола бердиң өзүмө,

Күч да коштуң айта турган сөзүмө.

Жапандагы жолоочу элем, тентиген,

Поэзия! Кайтып келдим өзүңө!

 

Жаратканга жалбарындым, сурадым,

Узак жолдо мүдүрүлдүм, куладым.

Поэзия! Жанкечтиси –жалгандын,

Келип мына, так алдыңда турамын!

 

Ишенгениң актабасам мен сенин,

Амалым жок? Кантмек элем? Пендемин.

Сага келип бир өксүбөй кетпеген,

Болгон эмес менде күн!

 

Муңдун отун далай ирет өчүрдүм,

Башка конгон бактым деле аз дагы.

Өзгөлөргө көрүнсөм да өр болуп,

Сенсиз өмүр сүрүүнү Алла жазбады.

 

Жыйып салып тагдыр деген тактамды,

Сенден күтөм арман кылган ак таңды.

Музам айтты мекениңди-жайыңды,

Поэзия! Кагып турам капкаңды!

 

СЕНИН КҮЛКҮҢ

 

Ийинимден жүк түшүргөн жүз батман,

Көз жашымды кургаткан.

Салам алып келген мага нур бактан

СЕНИН КҮЛКҮҢ!

 

Арзуубуздун ак канатын кактырган,

Айтылбаган сезимдерди таптырган,

Үмүтүмдүн чырагданын жактырган

СЕНІИҢ КҮЛКҮҢ!

 

Қабагыма турган кезде муң қатып,

Туңгуякка баратканда мен батып,

Андан кайра сууруп алган жыргатып

СЕНИН КҮЛКҮҢ!

 

Ойго батып, үнсүз жүргөн кезимде,

От жандырган жүрөктөгү сезимге,

Мени үйрөткөн кыйындыкты кечүүгө

СЕНИН КҮЛКҮҢ!

 

О, махаббат!

Бизге тартуу сый неткен?!

Качан болсо катаалдыкты сүйрөткөн,

Шор артында бак тураарын үйрөткөн

СЕНИН КҮЛКҮҢ!

 

Сен бар кезде гүлдөр жайнап жерлерде,

Сен болбосоң калганга окшойм чөлдөрдө,

Күлүп келчи жаным, мага келгенде!..

СЕНИН КҮЛКҮҢ…

Казакчадан которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”