Четверг, 25 апреля, 2024
12.1 C
Бишкек

Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев облустагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, алгач ал Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты.

Анда кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, министр чечип берүү жагын караштырарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

Андан соң, Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды.

Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар