Мекенибизди өнүктүрүүгө мекендештерибиздин салымы чоң

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


2-августта КРнын Президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин отуруму өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өттү.

Кайда болсоңор да, Кыргызстандын уул-кыздарысыңар

Аталган кеңеш Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-ноябрындагы жарлыгы менен түзүлгөн, аны түзүү чечими «Мекендештер–2018» форумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн С.Жээнбеков, ар бир мекендешибиздин чет жерде жүрүп жетишкен ийгилиги — элибиздин ийгилиги экенин айтып, алыстагы мекендештерибиздин басымдуу көпчүлүгү — таман акы, маңдай тери менен өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн бакубат, жетишкен турмушту курууга умтулган адамдар экенин баса белгиледи.

“Кайда болсоңор да, силер көп улуттуу Кыргызстандын уул-кыздарысыңар. Күнүмдүк тиричилик менен гана алек болбой, улуттук дөөлөтүбүз болгон бай тарыхыбызды, маданий мурасыбызды жайылтууга салым кошуп жатканыңар үчүн ыраазылык билдирем”, — деди Президент.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки улуттук стратегиясында адамдын өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасалганын баса белгилеген Мамлекет башчы: “Өлкөбүздүн ийгилиги — биринчи кезекте, адам ресурсунун сапатынан көз каранды. Кыргызстан адам ресурстарын өнүктүрүү жана жогорку технологияларды киргизүү аркылуу гана атаандаштыкка туруштук бере алат. Биз — кен байлыктын эмес, акыл-эстин, билимдин эсебинен өнүгө ала турган өлкөбүз! Ал үчүн, биринчи кезекте, билим берүү тармагынын негизги милдети — сабаттуу, жөндөмдүү, мезгилдин талабына жооп берген инсанды даярдоо болушу керек. Адамдын өнүгүүсүнө туруктуу инвестиция салуу саясаты аркылуу, кыргызстандыктардын жаңы муунун түзүүгө тийишпиз”, — деп билдирди.

Акыркы он жыл, 19 млрд. доллар…

Президенттин айтымында, акыркы он жылда Кыргызстанга эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. доллардан ашык каражат жөнөтүлгөн. Ал эми ошол эле он жылда Кыргызстандын экспортунун жалпы көлөмү 18 млрд. долларды түзсө,

өлкөгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. доллар болгон. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялардан жогору.

— Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж.б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда. Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп, жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди. Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда. Акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда. Кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып башташты. Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам беришүүдө, — деп белгиледи Өлкө башчы.

2018-жылы мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан 6,1 млрд. сомго иштер жасалган. Мына ушуга токтолгон С.Жээнбеков, айрым райондордо жергиликтүү бийлик ишкерлер, мекендештер менен алака түзө албай жатканын сынга алды. Анын айтымында, мамлекеттик миграция саясатын жүргүзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүү катышууга милдеттүү.

— Тажрыйба көрсөткөндөй, мекендештер жана жергиликтүү бийлик органдары биргеликте баштаган долбоорлор ийгиликтүү болууда. Айта кетсем, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада эмгек мигранттары жана мекендештерибиздин колдоосунда 153 ар түрдүү өнүктүрүү фонду, кайрымдуу­лук жана башка фонддор түзүлгөн. Аларда 2 млрд. жакын сом топтолгон. Мен фонддорду түзүү, иштетүү процессине жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн өзгөчө бургум келет. Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештерибиз менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл. Мен аймактарды кыдырып жатканда көрүп жатам, кайсы жердин акими, айыл өкмөтү ишке дилгир болсо, ал жерлерде фонддор түзүлүп, жамааттар мобилизация болуп жатат, — деп билдирди Мамлекет башчы.

«Мекен карт» – Мекенге тоскоолдуксуз келип кетүүгө мүмкүнчүлүк

Буга чейин, мигранттардын сунушунун негизинде “Мекен карт” жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн. Ага ылайык, бул статусту алгандар мекени, тууган-уругу, жакындары менен байланышын үзбөй, Кыргызстанга тоскоолдуксуз келип кетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары бул статус Кыргызстанга инвестиция салууга, билим берүү, саламаттык сактоо кызматтарын пайдаланууга жана иштөөгө шарт түзөт. “Мекен картты” алган ар бир мекендешибиздин укуктары мыйзам түрүндө корголот.

Мындан тышкары Өкмөт тарабынан Мекеним программасы даярдалууда. Ага ылайык эмгек мигранттарынын же мекендештерибиздин өлкөбүзгө инвестиция салуусуна шарттар түзүлөт. Программанын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, өнөр жай зоналары, инвестициялык лоттор жана башка ыкмалар менен мекендештердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда. Бул жагдайга токтолгон С.Жээнбеков: “Мекеним” программасы — бул экономикалык инвестициялар гана эмес. Биз мекендештерге социалдык долбоорлорго жана интеллектуалдык потенциалды колдоого да инвестицияларды салууну сунуштайбыз. Аларды мамлекет колдогонго жана кошо каржылаганга даяр”, — деп белгиледи.

Мындан кийин Мамлекет башчы кеңештин мүчөлөрүнүн ошондой эле биринчи жыйынга катышуу үчүн атайын алыстан келген мекендештердин ар биринин сунушу менен катар көйгөйлөрүн угуп, олуттуу сунуштарды өзүнө жазып алды жана дароо чечүүгө мүмкүн болгон көйгөйлөрдү четтетүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды.

Жыйындын соңунда Президент азыркы кезде көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жакшы ийгиликтерге жетишип, түпкү Мекенинде маанилүү экономикалык, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга кирише баштаганын баса белгиледи. Ошону менен катар Кыргызстандын жарандары бир топ өлкөлөрдө, көпчүлүгү Россия Федерациясында окуп, иштеп жатышканын кошумчалады.

С.Жээнбеков 2019-жылдын ноябрында донордук конференция боло турганын белгилеп, “Биз өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө, мекендештер менен өз ара кызматташууда белгиленген багыттарды, демилгелерди колдоого чакырып, кайрылабыз. Анда – мамлекет, мекендештер жана эмгек мигранттары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүү процессине көмөк көрсөтүүнү демилгелейм», — деп кошумчалады.