Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН

Ошол жылдын күзү кыска болуп, балпалактап жааган кар бир эле түндө жердин бетин аппак түскө боёп таштады. Эл ичи тынчып, Кызмончоктун ажыдаар экендиги төгүндөлүп, жашоо өз нугунда улана берди. Бектемир көшөрүп жатып, ата-энесин Асылбектикине жуучу жиберип, Кызмончоктун колун сурады.

Жанга болгон сезимдерден арылгысы, башкалардай өмүр сүргүсү келдиби, Кызмончок да ким-кимисинин айткан-дегенине жок дебей, баарына макул болду. Бирок эртели-кеч терезеден тоо тарапка умсуна, улутуна карап, эмнегедир эле жазды самай бермейи калган жок…

Кээде Жан экөө бири-биринин түшүнө кирет… Андайда, эртең менен ойгоно калып эле Кызмончок түшүн божурай баштайт. Бүгүн да ошентти… Адатынча, таң агарып калган маалда уйкусунан чочуп ойгонду.

– Эмне болду? – деди Бектемир кошо ойгонуп. – Түш көрдүңбү?

Кызмончок билинер-билинбес баш ийкеген болду.

– Жанбы? – деди Бектемир. Эки тизесин кучактап отурган Кызмончок унчукпай, телмирип терезени карады.

Ала-шалбырт жаз келип, жер-эненин маңдайынан тер чыгып, күн жылып калган маал…

– Ошол, түшүңдөгү мен болчумун, – деди Бектемир тамаша-чындан, – Жылан болуп түшүңө кирбедимби, жаным… Тааныган жоксуңбу?

Кызмончок ууртунан жылмайып:

– Мен анын көздөрүн көрдүм… – деди.

– Кандай экен көздөрү?

– Башкача…

–Айтпачы экинчи! – чыдамы жетпей кетти жигиттин. «Тарс!» жарылып, жууркандын бир учун кайрый салып, тескери карап жатты.

– Айтпа экинчи, болбосо!..

Эмнегедир, кийинки убактарда Кызмончок так ушул: «Болбосо!…» – деген сөздөн коркчу болду. Эми да бир «селт!» этип, серпиле түштү. Кайра эле анан алда нени боолгогондой  көздөрүн жумуп, каяккадыр жандүйнөсүн төшөп, тунжурай калды…

* * *

Жан да айыл тарапты карады.

Боз түшүп, айылдын үстүн туман басып туруптур. Үзүл-кесил иттердин абалап үргөнү угулуп, түтүндүн, нандын тааныш жыты келе түштү. Ансайын адамдарга болгон сагынычы  ырбап, көөдөнү көөп, өзүн-өзү токтотууга дарманы жетпей, чубалган оор денесин жерден күч менен бир силкип алды да, ийрелендеп тоо ылдый түшө баштады…

Таптакыр келбей коюуга кубаты да, чыдамы да жете турган эмес. Канча жыл бирге ойноп, бирге өскөн Кызмончокту, анын ата-энесин, айылды такыр тана албай койду. Айрыкча, Кызмончокко болгон кусалыгын токтотууга кудурети жетпей туруп албадыбы…

Жылан улам ылдыйлап, жакага жакындаган сайын шамалдын ызылдагы азайып, бир убакта айлана-тегерек кулак-мурун кескендей тынчый түштү. Жылан да «тык!» токтоду. Кулагына айыл тараптан угулган  үн дааналана түшкөн болчу! Жылан демин ичине катты…

– Жан?!. Бу сенби?

– Кызмончок?!

Ортону кайрадан жымжырттык басты.

– Келбей коё албадым. Сагындым!.. – деди Жан бир чети күнөөлүдөй, бир чети байланышты жоготкусу келбегендей шашкалактап. Жооп болгон жок. Жан ойдолоктой түштү.

– Мен да сагындым… «Шырп» эткен дабышка кулак салып, шооратыңды издеп… сарооруп жашап келем. Бирок… – кыз мукактанып, калганын ичине жутту. Ал ыйлап жаткан окшоду. Жыландын денеси «дирт!» этип, жыйрылып алды:

– Бирок эмне?!. – деди чебеленип.

– Бирок… Кайра кайт, Жан! Анткени мен…

«Күйөөгө тийгем», – дегенди айта албай койду келин. Аны укса, Жандын кандай абалда каларын элестете албай кетти. Бектемир менен Жандын эрегишин, бири-бирин зыянга учуратышын каалаган жок!

– «Анткени» эмне, Кызмончок?! – жандалбастап ийди Жан.

Байланыш такыр үзүлдү! Жан умсуна түшүп дагы, дагы тыңшады. Бирок өчөшкөнсүп, жымжырттыктан башка эч нерсе угулбай калды. Кызмончоктун аягына чыкпай калган: «…Анткени мен…» — деген сөзү гана кулагына кайра-кайра жаңырып туруп алды.  “Андан аркысын эмнеге айткан жок?! Эмнени айтпай калды?! Анткени… эмне болушу мүмкүн?! Ооруп калдыбы? Балким..! О, жок!!!» Тулкусуна ой, санаа, сагыныч, кызганыч батпай кеткендей, тулуптай болуп чыңалып чыкты. Башын өйдө көтөрө албай, тээ бир далайга чейин жерде сулк жатты. «Эмнени айта албай калды?! Эмнени?!» Эсине улам бир жагымсыз нерселер түшүп, ансайын обдула баш көтөрө калып, айыл тараптан көз албай катты. Учуп жеткиси келип, Кызмончок үчүн карманды. Өзөгү өрттөнүп, ушул ирмемде ал биринчи жолу өлүүнү самады! «Туура айтасың! – деди анан өзүн-өзү кубаттап, – Же айбанча, же адамча жашай албай, өзүңдү да, өзгөнү да азапка салгандан көрө, ошенткениң жакшы!..» Анын оюн окугандай, ушул тапта күн укмуштуудай бир коркунчтуу күркүрөп жиберип, жакын эле жерден чагылган чартылдап, бармактай-бармактай болгон мөндүрлөр аны башка-көзгө койгулай баштады…

* * *

Жандын абалын сезгендей, жүрөгү элеп- желеп болуп жаткан Кызмончок үстүнө көйнөгүн кийе коюп, терезеге келди.

Ансыз да төөнүн көзүндөй болгон чакан терезени жамгыр жууп, эчтеке көрүнгөн жок. Антсе да бүшүркөй, тоо тарапты карады.

– Эмне көрдүң?! – төшөгүнөн жарым-жартылай баш көтөргөн Бектемир ызалуу унчукту. Кызмончок бир эсе кечирим, бир эсе жардам сурагандай, Бектемирди жалооруй тиктеди.

– Эмне?! – деди Бектемир анын эмнени каалап, эмнени айта албай турганын түшүнгөндөй. Сүйүнгөндөнбү  же күйүнгөндөнбү, келиндин дем алганы катуулап, ал ансайын көкүрөгү солкулдап, бирок үнсүз-сөзсүз, көздөрү гана «сүйлөп», күйөөсүн тиктеп турду.

Кызмончоктун карегиндеги жазууну окугандай, жигит денесин төшөккө чалкасынан күч менен таштап жиберип, жансыз немедей «сулк» жатып калды. Бул – анын таарынганы… жок, таарынганы да эмес, кызганычтан өзүнө-өзү батпай калган акыбалы эле… Экөө баш кошсо эле махабат аттуу, арзуу аттуу сезимдин азабы менен тозогунан кутулчудай сезчү ал башта. Бирок бардыгы татаалданып, тескерисинче, минтип ырбап кетери «үч уктаса түшүнө да кирген» эмес! Күйөсүнүн жанына келип ыпысык, жумшак алакандарын анын көкүрөгүнө койду Кызмончок:

– Бектемир?..

Келиндин алда неге толкунданган өндүү дирилдеген добушу Бектемирдин канын ого бетер кызытып, күрөө тамырлары балкылдап, барсайып көөп чыкты.

– Жаным? – бир нерсе өтүнгүсү келгендей, кечирим сурагандай, акырын шыбырады Кызмончок. Келин эми күйөөсүнүн каруусунан ылдый акырын сылап келип, муштумуна жеткенде «селт» этип колун тартып алды. Бектемирдин эки муштуму тарамыштай түйүлүп, билинер-билинбес калчылдап турган болчу.

Кызмончок кайрадан терезеге келди. Адамдын үрөйү уча тургандай болуп, күн катуу күркүрөп алды. Тоо тараптан жаркылдаган чагылган кудум жебедей ийрелеңдеп, чарт-чурт этип басылды.

Бектемир дагы эле жанагы калыбында эринин кыр ча тиштеп, көздөрүн жумуп, кыймылсыз жата берди. Анткен менен ал азыр жубайынын жанына келип, жайма-жай чечинип жатышын, мойнунан кучактай эркелеп, жарынын өзүнөн башка эч кимди ойлоп да койбой, бул жашоодо ал үчүн күйөөсүнөн башка арзытар эч кимдин, эч нерсенин жок экенин шыбырап, чагылган чартылгаган сайын ага бекем ыктап, өзүнүн гана канаты алдында корголошун каалап жаткан. Бул – Бектемирдин жүрөгүнүн түпкүрүндө айтылып, айтылбаган арманы, көптөн бери көкүрөгүн өйүгөн көксөөсү эле. Көп учурда көөдөнүндө көлкүлдөгөн кызганычты Кызмончокко билдирбегенге аракет жасайт. «Мен аны айбандан кызганып, жиндиминби?! – дейт өзүн-өзү сооротуп. – Жан ким да, мен ким?! Ал – боору менен сойлогон  жылан, ал – бир бечара, макулук! Керек болсо, ал – эч ким!..» Муну менен бир аз жеңилдей түшкөнсүйт, бирок эле… баары кайра башынан башталат. Ага көбүнчө Кызмончок себепкер болот. Бектемирдин кучагында жатып алып да «шырп» эткен дабышка кулак түрүп, ким бирөөнү күткөнcүй берет. Кээде кирпик какпай, үн чыгарбай акырын ыйлап, тоо тарапка  умсуна тиктеп, эки ийнин солкулдата улутунуп калат… Мунун көбүн Бектемир байкамаксан болот. Бирок Жанга болгон жек көрүүсү ансайын күчөйт. Бет алдынан чыга калса, колдон келсе балталап салгысы келет. Керек болсо, ошол макулук мунун түшүнө да кирет. Тушүндө Жан бирде – адамга, бирде – ажыдаарга кубулуп, Бектемирге сес берет. Кызмончок ортодо арачалап, экөөнү тең кыя албай жаткандай, далбаластайт. Бир туруп Бектемирди, бир туруп Жанды карай чуркайт. Эмнегедир ушул таймаш эч качан бүтпөчүдөй сезилип, Бектемир кара терге түшүп, чабалактап, түнү менен кыңкыстап, кыйналып чыгат. Мүнөзү да өзгөрүп, оргу-баргы болуп барат. Кээде жубайын жек көрүп, карагысы да келбей кетет. Андайда келинчегин кучагынан, жолунан итере түртүп салып, Актуягын чапкан боюнча алыс-алыска кетип калмай адат тапкан. Эч кимди көргүсү, уккусу жок, тоо арасына барып алып бугун чыгарып бир бакырып-бакырып алганда гана жеңилдей түшөт. Анткен менен Кызмончоксуз жашоосу токтоп калчудай сезилет…

Мөндүр аралаш жамгырдын гана шатыр-шутуру менен, анда-санда гана улуп-уңшуп келип, тамдын эшик-терезесин калдырттаткан шамалдын «ыйы» гана болбосо, үйдүн ичи кулак-мурун кескендей жымжырт боло түштү.

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.