6-август – 1942-жылы Ч. Түлөбердиев жоо дзотун төшү менен жапкан күн

Кыргыз Республикасынын Президенттин Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү 2019-жылдын 14-мартындагы жарлыгына байланыштуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борбору тарабынан “Эстутум кербени. Эскерүү жүрүшү. “Жеңиш — 75” (1945-2020)” чакырыгында даярдыктар башталып, айрым иш-чаралар жасалууда.

Сокулуктун Шалта айылындагы Д.Шопоковдун, Аламүдүндүн Беш-Күңгөйүндөгү Ы.Таранчиевдин, Таластагы Ч.Түлөбердиевдин үй-музейлерине жана башка баатырлардын киндик каны тамган жерлери боюнча “Эстутум кербени. Эскерүү жүрүшү” 2019-жылдын 6-августунда (Ч.Түлөбердиевдин 1942-жылдагы жекече эрдик күнү) башталып, 16-ноябрда (28 баатырдын жамааттык эрдик күнү) улануу менен 2020-жылдын 9-майына карата республикалык деңгээлде жыйынтыкталмакчы.

(Бул темага байланыштуу П.Казыбаевдин макаласын «Чолпонбайдын энесин Сталин чакыртканбы?» деген макаласын гезитибиздин келерки санынан окуңуздар)