Абылгазиев: «Биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу керек»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


-Акыркы жылдардан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуусунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын канааттануу менен белгилеп кетким келет. Эки өлкөнүн эли үчүн абдан маанилүү болгон, кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу өтө маанилүү келишимге кол коюлду. Чек ара жана аскер күчтөрү тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлушу – стратегиялык өнөктөштүктү далилдеп турган кадам экени талашсыз. Жалпысынан алганда эки тарап үчүн актуалдуу болуп келе жаткан көптөгөн маселелер чечилүүдө. Ал эми чек араны делимитациялоо жана демаркациялоодогу жасалган иштерди баса белгилеп койгум келет. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгү боюнча диалог бүгүнкү күндө да улантылып жатат. Алдыдагы жылдары болсо аталган процессти толук бүткөрүп, анын юридикалык тариздөөсү аякталарына ишеним бар. Ушуга байланыштуу эки тараптын делегациясы кыргыз-өзбек чек арасындагы жүргүзүлүп жаткан иштерди дагы күчтөндүрүүсү керек – деп белгиледи Премьер-министр М.Абылгазиев. Белгилей кетсек 1-августта Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Кечээ күнү Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуусу адегенде тар чөйрөдө өтүп, андан соң кеңири форматта уланды.

Ал эми боордош эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарга келсек, 2018-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 336 млн. долларды түзгөн. Бул 2017-жылдагыга салыштырмалуу 10 пайызга өскөнүн көрсөтүп турат. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алты айынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 165 млн. долларга жеткенин М.Абылгазиев эки тараптуу жолугушууда айтып өттү. Бирок, кошуна эки өлкөнүн соода-экономикалык алакакатышындагы болгон мүмкүнчүлүктөр толугу менен пайдаланылбай жатат. Ал үчүн биргелешкен ишканаларды ачуу, логистикалык борборлорду куруу эң маанилүү. Ошондо гана ал жерде иштетилип чыккан продукциялар упаковкалоодон, маркирлөөдөн өткөрүлүп, башка мамлекеттерге экспорттолуп туруусу эки тараптын кызыкчылыгына бирдей туура келет эмеспи. Анткени, Кыргызстан ЕАЭСке кирген мамлекеттердин мүчөсү катары 180 млн. калктуу рынокко чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, Кыргызстан Европа союзунун рыногуна бажы жеңилдиктеринин ВСП+ макамына ээ болуп, 6000ден ашык товардын түрүн токтоосуз экспорттоого мүмкүнүчүлүк алган Борбордук Азия аймагындагы жалгыз өлкө. Мына ушул жагдайлар кыргызөзбек алакасынын өнүгүшүнө зор түрткү берери талашсыз.

Эки тараптын транспорт каттамдары көбөйтүлүүдө

Өткөн аптада Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкекке иш сапары менен келишинде Мухаммедкалый Абылгазиев менен бир катар олуттуу маселелер талкууланды. «Биргелешкен ишканаларды ачуу менен өндүрүштүн көлөмүн көтөрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, эки кошуна элдин турмуш-тиричилигин жакшыртууга жардам берип, чек ара аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга болот. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кыргыз капиталы менен 96 компания ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Ал эми Кыргыз Республикасында 200дөн ашык Өзбекстандын ишканалары иштеп жатат. Анын ичинен 30у 2018-жылы жаңы түзүлдү. 2019-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч дагы өсөт. Өзбекстандын Фергана жана Анжиян шаарларында «Кыргызстан» соода үйү ачылып иштеп жатат.

Учурда Өзбекстандын ишкерлерине караштуу Ош облусунда каалгаларды чыгаруучу ишкана иштөөдө. Кара-Суу районунда кир жуугуч машиналарды чыгаруучу өзбек ишканасы бар. Нарын облусунда картошканын үрөнүн өндүрүү боюнча өзбекстандык ишкерлер эмгектенет. Ошону менен катар Ташкент – Бишкек – Балыкчы – Ташкент темир жол каттамынын кайрадан калыбына келтирилишин, БишкекТашкент-Бишкек автоунаа жолунун жана Бишкек – Ташкент – Бишкек авиа каттамдарынын көбөйтүлгөнүн канааттануу менен белгилегим келет. Ошондой эле көлдөгү туристтик мезгил учурунда Ташкент-Тамчы убактылуу чартердик авиа катам кайра калыбына келтирилди», – деп билдирди Өкмөт башчы М.Абылгазиев.

Ошону менен бирге эле Анжиян – Ош, Фергана – Ош автоунааларынын каттамдарын ишке ашырууну да жакшыртуу керек. Өзбекстандын чек ара өткөрүү бекеттери аркылуу Кыргызстандын автоунааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү, жүк ташуучу автоунаалар жана темир жол каттамдары үчүн Өзбекстандын аймагында 30 пайыз жеңилдик алышы чечилди. 2019-жылдын июнь айынан баштап, ал жакта Кыргызстандын автоунааларынан камсыздандыруу төлөмү алынып салынды. Дал ушундай эле жеңилдик Кыргызстандын аймагына кирген Өзбекстандын машинелери үчүн берилди.

2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөнүнө 25 жыл толушунун белгиленишине карата Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлдү. Чек ара аймактарындагы эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда спорттук оюндардын түрлөрүнүн өткөрүлүп турушу да адатка айланган. Билим берүү жана илим тармагындагы байланыштар мезгил өткөн сайын чыңдалып бара жатат. Ага мисал катары Өзбекстанда Кыргызстандын окуу жайларынын дипломдору жарактуу болуп таанылышын айтсак болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтыгы жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты. Акыркы жылдардан бери эки тараптын алака-катышы бардык тармактар боюнча мурдагыдан да активдеше баштады. 2017-жылы Президент С.Жээнбенковдун Өзбекстанга расмий иш сапарында соода-экономикалык, финансылык, илимийтехникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча бир топ маанилүү документтерге кол коюлган болчу. Андан бери кошуна эки элдин мамлекет башчылары түрдүү форматтарда бир нече жолу жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулап келе жатышат. Алдыда Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапар менен келиши да күтүлүп жатканы белгилүү болууда. Өкмөт башчысы М.Абылгазиев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн. долларга жеткирүү планы бар экенин жана ушул жылдын аягына чейин аталган максаты ишке ашырыларын айта кетти. Себеби, товар жүгүртүүнүн мындай чеги эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Шавхат Мирзиёевдин жолугушуусунда белгиленген болчу.

 «Бардык маселе боюнча бирдиктүү чечимге келдик»

Биз тар чөйрө форматындагы сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелерди даана, так жана жемиштүү талкуулап алдык. Бардык маселелер боюнча бирдиктүү чечимдерге келдик. Ортобузда чечүүгө мүмкүн болбогон маселе жок экенин биздин жолугушуубуздун натыйжасы көргөздү. Мындан ары дагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү артыкчылыктуу багыт катары кала бериши керек. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү туруктуу болуп келе жатканын 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгы көрсөттү. Бул жакынкы келечекте эки жактын соода алакасынын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү боюнча көздөгөн бирдиктүү максатыбызды ишке ашырууга ишеним арттырып жатат. Ошону менен бирге эле алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн жарандардын, товарлардын жана тейлөө кызматынын жалпы чек араларыбыз аркылуу тоскоолдуксуз өтүп, иштеп турушу үчүн керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек, – деп билдирди Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов.

Азыркы күндө Өзбекстан тарап Кыргызстан менен өндүрүш кооперациясын өнүктүрүүгө зор маани берип жатат. А.Ариповдун билдиргенине караганда тамак-аш өнөр жайы, текстиль, курулуш материалдарын чыгаруу ж.б. сыяктуу өндүрүш багыттары боюнча биргелешип иштөөдө артыкчылыктар толтура. Анын пикиринде эки өлкөнүн унаалогистикалык багытын өнүктүрүү үчүн Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада аяктоо керек. Ошондой эле Анжиян – Ош – Эркештам – Кашгар автоунаа жолунун мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалануу кажет.

Агрардык тармак боюнча үч келишимге кол коюлду

Эки Премьер-министрдин жолугушуусунун алкагында агрардык тармактын үч багыты боюнча келишимге кол коюлду. Анда айыл чарба азыктарынын импорту менен экспорту, өсүмдүктөрдүн карантини, лизинг жана Өзбекстандын минералдык жер семирткичтерин ташып келүү маселелердин «Жол картасы» боюнча иш алып барылды. Булар тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев гезитибиздин суроолоруна мындай дейт. «Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ЕАЭСке мүчө беш мамлекеттин бирдиктүү талаптары бар. Кыргызстан анын мүчөсү катары Өзбекстандан ошол талаптарды аткаруу боюнча шарттарды коюуга милдеттүү. Айрым өсүмдүктөрдүн жугуштуу оорулары болот. Андан биргелешип коргонуу зарыл. Өзбекстандын да бул боюнча өзүнүн талаптарын биз аткарышыбыз керек. Келишимдерди ушундай жол менен гармонизациялайбыз.

Экинчиси, биз Өзбекстандан жыл сайын 100 миң тонна көлөмүндө минералдык жер семирткичтерди алабыз. Буга чейин ишти уюштурууга КРнын Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу жооптуу болчу. Мындан ары компотенттүү орган катары биздин министрликке жүктөлүп жатат. Анткени, азыркы күндө жер семирткичтерди жеке ишкерлер ташып келишүүдө. Эгерде жер семирткичтин баасы жогорулатылып кетсе же жер семирткичтер тартыш болуп жатса гана мамлекет ага кийлигишет. Үчүнчү келишим соода-сатык алакасына тиешелүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Өзбекстанга негизинен көмүр менен цемент экспорттоодо. Алар биздин рынокко айыл чарба өсүмдүктөрүн өтө көп жиберип жатышат. Кыргыз фермерлеринин Өзбекстандын рыногуна чыгарган айыл чарба азыктары аз. Ушул процессти тең салмакташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан тышкары, өзбек тарап менен чогуу республиканын түштүгүндө логистикалык борборду куруу маселеси каралууда. Алардын айыл чарба техникаларын пайдалануу боюнча кызматташтык келишиминде каралды», – дейт министр мырза.

Бүгүнкү күндө кыргызстандык ишкерлердин сүт азыктары, айрыкча сыр продукциялары Өзбекстандын ири дүкөндөрүндө сатылып жатат. Ал эми Өзбекстанга картошканы экспорттоо маселеси эки Премьер-министрдин жолугушуусунда курч коюлду. Өткөн жылы мурдагы министр Н.Мурашев: «Өзбекстанга картошканы экспорттоп берем, көп айдай бергиле», – деп ишендирип алып, фермерлерди банкрот кылган. Азыркы министр Э.Чодуев мына ошол көйгөйдү кайталабоо аракетин көрүшү керек. А чынында Өзбекстандын калкында картошкабызга муктаждык бар. Ушул маселе эки Өкмөт башчысынын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда көтөрүлдү. Андан тышкары, алар Кыргызстандын экологиялык таза эт азыктарына кызыгышат.

100 млн. доллар кредиттик линия ачуу сунушталды

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун билдиргенине караганда эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, биргелешкен ишканаларды куруу маселелери көтөрүлгөн. «Өзбекстан тарабынан 100 млн. доллар көлөмүндө кредиттик линия ачуу боюнча сунуш түшүп жатат. Ишкерлер кредитти «Айыл банк» аркылуу алуусу шартталат. Анткени, өлкөбүздө мал багуу бизнеси жыл өткөн сайын өсүп, ал кирешелүү тармакка айланууда. Бирок, азыркы күндө жүндү жана терини натыйжалуу пайдалана албай жатабыз. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын аймагында жүндү, терини кайра иштетүүчү биргелешкен ишкананы курууга эки тарап бирдей кызыкдар болууда. Аталган маселени турмушка ашыруу механизмдери эки боордош элдин Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда козголду.

Өзбекстанда жаңы курулуштар тынбай өсүп жатканына байланыштуу бизден экспорттолуп жаткан цементке болгон талап ар дайыма актуалдуу боюнча кала берет. Бирок, ушул жылдын 1-октябрында кыргыз цементинин экспортуна карата салыктын жеңилдетилген режими Өзбекстан тарабынан алынып салынат. Ошондуктан цемент чыгарган ишканаларга жеңилдетилген режимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.