Мамат АЙБАЛАЕВ: «Чек ара маселеси чечилмейин чыр-чатактар улана берет»

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Коомдук ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев менен маек.

– Мамат Марипович, чек ара тилкелеринин аныкталбагандыгынын кесепетинен кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар маал-маалы менен орун алып келе жатат. Сиз жарандарды алмаштыруу жолу менен бул көйгөйдү чечсе болорун белгилеп жатасыз. Бул туура жол деп ойлойсузбу?

– 1924-жылы Кыргызстандын курамына кирген эки район Тажикстандын курамында калып калган. Бул – Мургаб жана Жерге-Тал райондору. Мунун өзү эле өзүнчө бир чоң талкууга алына турган маселе. Эмне үчүн ошол кезде делегация Чоң-Алайга чейин барып, Мургаб менен Жерге-Талга чейин жетпей, кайра артка баса берген деген дагы чоң суроо бар. Эми кийинки эле эгемендикке келели. Жерге-Тал, Мургабдагы кыргыз мектептеринин директорлору, район жетекчилеринин баары мурда кыргыздар болуп келген болсо, кийин толугу менен алмаштырып, тажиктерди коюп, ал тургай колхоз-совхоздордун жетекчилерин, адистерин дагы тажиктерден коюп, кысым болгондуктан ал жердеги кыргыздардын көпчүлүгү Чүйгө, Ошко көчүп келип алган. Азыр Чүй өрөөнүнө, Панфилов районуна барсаң, жалаң баткендиктер, лейлектиктер. Бул көрүнүш улана берет. Мен-мен деген адистерибиз чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Эгерде мамлекет, бийлик чек арага чоң маани берип, делимитация, демаркацияны тездетпесе бул процесс жаман жагына ооп кетиши мүмкүн.

Азыркы чатак чыгып жаткан жердеги Ворух менен Мачайы экөө тең анклав. Мурдагы тарыхка кайрылсак, революция болгонго чейин Мачайы кыргыздын, Калматбай деген байдын жери болгон экен. Ал киши жерин айдап, бактарды кесип турганга тажиктерден жалдап иштетип турган. Анан тажиктер суранып, биз ушул жерден жер алып, четте жашап туралы десе, макул болуп жер берип койгон экен. Анан революция болуп кетип, ал жерлерде тажиктер жашап кала беришкен дагы, кийин тажиктердин саны көбөйүп отуруп Мачайы аларга өтүп кеткен. Ворух деле ошондой, кыргыздын жери. Элдин саны көбөйүп отуруп, анан ушул абалга келди да. Бул маселе жакшылап, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Мунун бир эле эмес, бир нече жолун карап чыгуу зарыл. Буга казактар, өзбектер, орустар дагы жардам бериши зарыл деген ойдомун. Президенттер сүйлөшүп, Ворух менен Мачайынын элин көчүрүп, Тажикстандагы кыргыздарды бул аймакка отурукташтырса, кыргыз менен кыргыз мушташпайт да. Аймак Тажикстандыкы болуп, жарандарың кыргыз болгону менен жаран катары эле калсын десе, менимче Тажикстандын жетекчилери деле келечекти ойлогон, ортодо согуш чыкпасын деген, элибиз тынч жашасын деген азаматтардан болсо, бул жолго макул болуп барышы мүмкүн.

Ошондой эле көчүү, көчүрүү жолдорундагы чыгымдарды карап, мүмкүн Кыргызстан да аларга жардам берсе деген ой. Жүздөгөн жылдар, кылымдар боюу бирге жашаган элбиз. Кокон хандыгы, Падышалык Россия, Советтер союзу деп бир өлкөдө бирге болуп келдик. Эми эгемен болгондон бери ар бирибиз өзүнчө мамлекет болуп, ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыктары пайда болду. Ар жылы чек арага байланыштуу көйгөйлөр көбөйүп бара жатат. Тажиктердин калкынын саны 9 миллионго жетсе, биздин кыргыздардыкы араң 6 миллионду түзөт. Чек ара маселелерин чечүүнү мындан ары да создуктура берүү жарабайт, аларды эртерээк чечүү зарыл.

– Сиз өзүңүз Баткен облусунун жетектеп турган учурларда да элди көчүрүп, жайгаштыруу тууралуу да маалыматтар болду эле?

– Жогоруда айтылгандай элди көчүрүү жолдорунун бир топ варианттары бар. Мен губернатор болуп турган учурда Тажикстандын Ленинабад облусунун өкүлү Баткен облусунун администрациясынын имаратында жайгашкан эле. Мен ошол өкүлдөн канча кыргыз айылы бар, канча эл жашайт Ленинабад облусунда деп маалым кат алган элем. 2003-жыл болсо керек, маалымат боюнча 17 айыл, 22 000 адам жашайт деп берилген. Тажикстанда жашаган ошол айылдардын бир тобунун жетекчилери, айыл аксакалдары келип, Кыргызстанга өтсөк, эгемендүү мамлекет болгондон бери тажиктер кысымдык көрсөтүп жатат, бизге кыйын болуп жатат деп кайрылышкан. Ошол кайрылгандардын ичиндеги Шураб деген шаарда жашаган 54 үй-бүлөнү Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кызыл-Бел деген чоң айылга жайгаштырган элем. Анан Исфана шаары менен Канибадам шаарынын ортосундагы Ким деген шаарчада дагы 200 үй-бүлө кыргыздар жашайт. Алар дагы бизге да жер берсеңер, биз дагы Тажикстандан чыгып кетсек деп кайрылышкан. Алардын маселеси ошол бойдон калып калды. Ушул вариантын дагы ойлонуштурса болот. Ошол көчүп келе турган кыргыздардын ордуна Мачайы менен Ворухтун элин алмаштырса абдан туура болмок. Күндөн-күнгө бул жолдун туура болоору сезиле баштады десем да болот. Маселе чечилбесе чыр боло берет, жер талашуу, суу талашуу боло берет.

– Жакында эле эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, чек ара маселесин талкуулашты. Кандай жыйынтык чыгат деген ойдосуз?

– Алар ушул маселелерди карагыла деп жакшы тапшырма берип, мөөнөтүн, анан варианттарын карап, эл менен жолугуп, чек арада жашаган элдин оюн угуп, бир жыйынтык чыгарса жакшы болмок. Раззаков жетекчиликте тургандан тартып, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевге чейин бардыгы эле тажиктерге жер берип келди да. Ошондой эле кытайга, казактарга да жер берилди. Ал эми биз алардан бир сантиметр дагы жер алган жокпуз. Мына ошондуктан, кыргыздын кызыкчылыгы, кыргыз мамлекетинин, элдин кызыкчылыгы эске алынып, маселе туура чечилсе ал бир маселе, анан кайра эле тажиктерге жерди берип коюуу менен маселе чечилип калса, анда туура болбой калат. Азыр өзгөчө Баткен менен Лейлек райондору абдан оор абалда турат. Талашка түшкөн Мачайынын төмөн жагындагы Баткен – Лейлек жолу өткөн жердин бир топ жери Бакиевдин убагында кыргыздын жерин тажиктер талашып, биздикилер тажиктики экен деп арендага алып, жолду салыш үчүн шашып, тажиктер тарапка чечип коюшкан. Бул туура эмес чечим болгон. Маселени чече албасаң чечпе, тура берсин, бул жер атаңдан калган жер эмес, элдики. Акаев деле шашып Кытайга канча сонун жерди берип койду. Советтер союзунун убагында ушундай бир кыйын жетекчилер Сталин, Хрущев, Брежневдер деле Кытай менен бир чечимге, келишимге келбей, эмне кыларын билбей келген. Анан келип эле Акаев менен Бакиев бир заматта чечип койгондугу таң кала турган нерсе болбодубу. Бул чечкендик эмес, бул кыргыз мамлекетинин жерин башка мамлекетке берип койгон чыккынчылык.

– Жерибиздин улам кертилип жатканы, ички жана тышкы миграциядагы келечек үчүн коркунуч болуп турат?

– Тажиктер менен өзгөчө сүйлөшүүлөрдү алпарып, алмаштырууга болобу же болбойбу деген аракет болбосо эл чек ара аймагынан алыстап, жерин таштап чыгып кетет. Азыр да кеч эмес. Эгемендикти алган жылдары 30 премьер алмашты, бирок чек арадагы райондордун көйгөйү толук чечилбей келе жатат. Өзгөчө Баткен, Лейлек райондорундагы, Сохтун тегерегинде абал курчураак. Азыркы тапта Ак-Сай айыл өкмөтүндө жашаган калкка жеңилдиктерди берип, Транспорт министрлигинин эсебинен автобустарды жүргүзүп, мамлекет суу жагынан, электр энергиясы жагынан жеңилдиктерди берсе, эл ошол аймактан кетпейт, жашай берет. Чек араны бекемдөөдө элдин дагы шартын караш керек деген пикирдемин.