Жалал-Абад облусунда өнүгүүгө карай жасалган кадамдар арбын

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


Учурда «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата» өлкөбүздүн бардык аймактарында алгылыктуу иштер аткарылып жаткан чак. Жакында биз, журналисттердин жоон тобу Жалал-Абад облусунда болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жасап жаткан иштери менен жеринде таанышып кайттык. Бала-бакчалар, ооруканалар салынып, жолдору оңдолуп, камералар коюлган экен. Чакан жеке ишканалар ачылып, жумушчу орундар түзүлүп жатыптыр. Жалпы жонунан айтканда, калктын жашоосу түп-тамырынан бери өзгөрүп кетпесе дагы, аздыр-көптүр өзгөрүүлөр, жакшыруулар бар.

Кар көчкүдөн сактоочу галерея курулат

Ош – Бишкек автоунаа жолунун 246 чакырымында Япон өкмөтүнүн жардамы менен (гранттык негизде) 460 метр болгон жабык типтеги кар көчкүдөн сактоочу галерея курулуп башталды.

Иш план боюнча, ал 3 жыл дегенде салынып бүтүп, 2021-жылдын ноябрь айында колдонууга берилмекчи. Бүгүнкү күндө галереянын астынан суу өткөрүү иштери 40 пайызга аткарылып, пайдубал үчүн арматуралар токулуп бүткөн. Ошондой эле, Ош-Бишкек автоунаа жолунун жүргүнчүлөрү убактылуу айланып өтүүчү 1 км. жолдун 80 пайызы асфальтталган.

Курулушта жалпысынан 90 киши иштеп жатат. Алардын тең жарымы жергиликтүү калк болсо, калганы чет элдик адистер. Галереянын сметалык баасы 42 млн. йенди түзөт. Япониялык инженер Екомизо Такащи аталган курулушту баштоо боюнча келишимге 2017-жылдын март айында Токиодо кол коюлгандыгын айтат. «Бизге кыргыз Өкмөтү тарабынан сунуш келип түшкөн. Буюрса белгиленген план менен иштеп баштадык. 3 жыл эрте жаздан кеч күзгө чейин тынымсыз иштеп, белгиленген мөөнөттө жумушту бүткөрүүгө аракет кылабыз», – дейт Е. Такащи.

Ал эми Токтогул райондук №23 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси А.Чотубаевдин айтымында, аталган галереяны куруу аракеттери 2014-жылы башталган. «Галерея курулуп жаткан аймак Көчкүлүү-Булак деп айтылат. Деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте жайгашкан. Аты айтып тургандай, бул жерде жыл сайын өтө чоң көлөмдөгү кар көчкүлөр түшөт. Мисалы, өткөн жылы 2 млн. 800 м3 кар көчкүсү түштү. Адатта тазалоо иштерине биз көп каражат жумшайбыз. Эң өкүнүчтүүсү адам өмүрүн алган фактылар катталып келет. Галерея курулуп бүтсө, биздин участокто кар көчкүгө байланышкан кырсыктар азаят деп ишенем», – дейт.

Жол тейлөө кызматкерлеринин айтымына караганда, Ош – Бишкек автоунаа жолунда Көчкүлүү-Булактан башка дагы 22 кооптуу участок бар.

Токтогул ГЭСнин ресурсу көбөйөт

Токтогул гидро электр станциясы өзүнүн 45 жылдык тарыхында биринчи жолу реконструкцияланууда.

Реконструкция иштери 3 фазага бөлүнгөн. Ушул тапта 1-фаза боюнча, трансформаторлорду, кабелдик линияларды ж.б. алмаштыруу иштери аяктоо алдында турат. Реконструкциялоо иштери толугу менен аягына чыкса, Токтогул ГЭСи 25 жылдан 40 жылга чейин өзүнүн ресурсун көбөйтөт. Андан сырткары, авариялык ситауциялар жолго коюлуп, материалдык чыгымдар азаймакчы.

Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча жетектөөчү адиси Калыев Улан, Токтогул суу сактагычы буга чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн айтат. Мунун айынан акыркы убактарда, ремонт иштери көбөйө баштаган. «1-фаза боюнча аткарылчу иштерди 2017-жылы баштаганбыз. Учурда электр жабдыктарын алмаштыруу жумуштары аяктоо алдында турат. Ал эми 2-фаза ушул жылдын октябрь айларында башталат. Анда 4 гидро агрегатты алмаштыруу каралган. ГЭСти реконструкциялоонун 2 фазасын ишке ашыруу 2023-жылга чейин уланмакчы. Себеби, бир жылда бир гана агрегат алмашылат», – дейт Улан Калыев.

Берилген маалыматтарга таянсак, 1-фаза үчүн 55 млн. доллар каралган. Бирок, тендердин негизинде 32 млн. доллар каражатка жумуштар аткарылган. Ал эми 2, 3-фазалар үчүн 220 млн. доллар каралып, тендерден кийин 104 млн. АКШ долларлык келишимдер түзүлгөн.

Жакында Кыргызстан балык экспорттой баштайт

Кара-Көл шаарындагы балык чарбасы өз ишин 2013-жылы баштаган. Алгачкы икралар алыскы Даниядан алынып келинип, баладай бапестеп өстүрүлгөн.

«Негизи эле, балык өстүрүү оңой олтоң иш эмес», – дейт балык чарбасынын кызматкери Беков Тилек. Анын айтымында, балыктарга күнүнө 4-5 маал тамак берилет. «Биздин чарбада азыр 250 тоннадай балык бар. Аларга күн сайын 500 кг. жем беребиз. Ал эми жемди атайын буйрутма менен Франциядан алдырабыз. Себеби, ал жемдер европалык стандарттарга жооп берет, адал азыктар менен жасалат. Эң башкысы эч кандай химикаттар кошулбайт. Мусулман өлкө болгондуктан, адал продукция менен багып, адал азык чыгарууга басым жасайбыз», – дейт жеке ишкер Т.Беков.

Кара-Көл шаарындагы жеке балык чарбасы өзүнүн продукцияларын экспортко чыгара албаганы менен, Кыргызстанды балык менен камсыздоого жетишип келет. Жакынкы жылдары чет өлкөгө балык экспорттоону ишке ашышырат.

Жайкы убакта балык чарбасында 6-7 киши иштейт. Ал эми кеч күздөн, эрте жазга чейинки икра алуу учурунда 10-15 киши жумушка тартылат.

Таш-Көмүрдө жаңы оорукана салынууда

Таш-Көмүр шаардык №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жакында заманбап стилде салынган жаңы имаратта иштей баштайбыз деп сүйүнүп турган чактары.

Буга чейин алар элди эскилиги эбак жеткен, дубалдарынан жарака кетип, капшытынан шамал ойногон, жаан жааганда тамчы тамган имаратта тейлеп келишкен. 1943-жылы салынган оорукана пайдаланууга жараксыз болуп калганын түшүнгөн жетекчилик демөөрчү издеп эскинин ордуна замандын талабына ылайык имарат куруу аракеттерин көргөн. Натыйжада, жеке ишкер Мунарбек Арстанкуловдун демөөрчүлүгү менен 4 млн. 600 миң сомдук долбоордун курулуш иштери башталган. Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахматилла Асаналиевдин айтымында, курулуш иштери сентябрь айында аяктап, пайдаланууга берилмекчи. «Быйыл бизде саламаттыкты сактоо тармагында абдан жакшы иштер жасалууда. Жаңы салынып жаткан курулушту айтпаганда, ТашКөмүр шаардык аймактык оорукананын кабыл алуу бөлүмдөрүндө 250 миң сомдук оңдоп-түзөө иштерин жасадык. Андан сырткары, шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Эргешбаев демөөрчүлүк кылып, аймактык ооруканага 16 миң долларлык «Мерседес Бенц» тез жардам унаасын алып берди. Бул жаңылануулар калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоого салымын кошот деп эсептейм», – дейт шаардын мэри Р.Асаналиев. Ал эми Таш-Көмүр шаардык ҮДТнун жетекчиси Рахима Урусованын айтымында, шаарда буга чейин 2 тез жардам унаасы кызмат кылчу. «Дагы бир унаалуу болгонубузга кубанып жатабыз. Себеби, ОшБишкек автоунаа жолунда кырсык катталса, биздин тез жардам кызматы жөнөйт. Ошондой эле, биздин аймактык ооруканага алып келишет. Ошондуктан, адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр көбөйдү», – дейт дарыгер.

Таш-Көмүр шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу – 42 миң адамга медициналык кызмат көрсөтөт. Андан сырткары, Таш-Көмүр шаарына жакынкы Ноокен, Базар-Коргон, Аксы райондорунан келген бейтаптарды кошуп тейлейт.

«Кербен» аэропорту учак кабыл алууга даяр

Президенттин «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» боюнча жарлыгын ишке ашыруу боюнча Аксы району өз аракеттерин көрүүдө. Орчундуу жана маанилүүсүнө токтоло турган болсок, алардын бири – Кербен шаарындагы «Кербен» аэропортун айтсак болот. Бул аба майданы учурда толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, учактарды кабыл алууга даяр.

Аэропорттун 22-25 тонналык учактарды тосуп, кайра учурууга мүмкүнчүлүгү жетет. Аэропорттун учуп-конуу тилкесинин узундугу 17 км. туурасы 35 метр. Жалпы аянты 52 гектарды түзөт. Оңдоп-түзөө иштери өткөн жылдын июль айларында башталган. Былтыр 6 млн. сомго конуу тилкелери ремонттолгон болсо, быйыл аэровокзалды чоңойтуу иштерин кошкондо 11 млн. сомдук иштер аткарылган. Учурда каттамдарды ишке ашыруу үчүн авия компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча «Кербен» аэропортунда 3 кызматкер иштеп жатат, мекеме толугу менен ишке кирсе дагы 10 адам иш менен камсыз болмокчу.

Эске салсак, «Кербен аэропорту» 1976-жылдары курулуп, 1980-жылдары алгачкы учууну кабыл алган. Учурунда Аксы районуна чектеш жайгашкан Ала-Бука, Чаткал жана Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары үчүн эбегейсиз ыңгайлуулук жараткан.

«Сайкалда» – сапаттуу медициналык кызмат Кербен шаарындагы дагы бир жакшы саамалык– «Сайкал» медициналык борборунун ачылышы болду.

Заманбап оорукананын ачылганын сүйүнүү менен кабыл алган кербендиктердин кубанычында чек жок. «Эми доктурга көрүнөт элек деп атайын Бишкекке барбайбыз. Ал жакка барсаң, убактың да коройт, акчаң да коройт», – дешет жергиликтүү тургундар.

«Сайкал» медициналык борбору – Кербен шаарынын кулундары, дасыккан хирург Абдыманап Кулбаевдин жана ошондой эле, уролог Нурдин Султанмуратовдун демилгеси менен курулуп, ачылган. Бүгүнкү күндө 30дан ашык кызматкерди иш менен камсыз кылып, Аксы районунун калкына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп жатышат.

Ооруканада терапия, неврология, гинекология, кардиология, урология жана стоматология бөлүмдөрү бар. Андан сырткары, 1 лаборатория иштейт. Анда онкологиялык оорулардан башка дарттын тыянактарын чыгарууга болот. Жатып дарыланууну каалагандар үчүн 30 орундуу керебет даярдалган.

«Сайкал» медициналык борборунун жетекчиси Абдыманап Кулбаев, ооруканада иштеген кызматкерлердин бардыгы жогорку билимдүү жана тажрыйбасы бар врачтар экенин белгиледи. «Бул оорукана, жеке оорукана. Бирок, ошондой болгону менен биз дарылануунун акысын, карапайым калктын капчыгына карап койдук. Биздин негизги максат – элди сапаттуу медициналык кызмат менен тейлөө», – дейт.

«Жетиген» жыл аягында ишке берилет

Жалпыга маалым болгондой, Кыргызстандын бардык аймактарында бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздиги бар. Бирок, мамлекет милдеттүү түрдө салып бериш керек, ачып бериш керек деп кол куушуруп отура бербей, өз алдынча инвестор, демөөрчү издешип, чакан болсо дагы бала бакчаларды, логистикалык борборлорду салып иштеп жаткандары кубандырбай койгон жок.

Мисалы, Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Жетиген айылында буга чейин бир дагы бала бакча болбогон экен. Ушул айылдын тургуну, жеке ишкер Каныбек Туманбаев, айылда өсүп жаткан жеткинчектердин келечеги үчүн, демөөрчүлүк кылып, 100 орундуу бала бакчасын салып берүүнү чечкен. Сметалык баасы 22 млн. сомду түзгөн бала бакчанын курулушу бүгүнкү күндө 80 пайызга аткарылып, аз күндө ишке берилмекчи. Ал балдар бакчасы «Жетиген» деп аталмакчы.

Жетиген айылы – Кербен шаарынын түндүк тарабында жайгашып, борбордон 1 км. аралыкта орун алган. Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Калкынын саны 1968 киши. Ал эми аянты 402 гектарды ээлейт. Чек арада жайгашкан Жетиген айылында, 1 мектеп, 1 ФАП, 2 мечит, 2 дүкөн, 2 тегирмен, 2 дүкөн, 3 пилорама ж.б. бар экен.

«Наристем» бала бакчасы ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча ачылып, июль айынан бери балдарды кабыл ала баштады. Эң негизгиси бала бакча шаардык бюджеттин эсебинен курулган. Бул курулуш – Кочкор-Ата шаарынын тарыхында эгемендик алгандан берки жергиликтүү каражатка курулган алгачкы объект.

Курулуш иштери 2017-жылы башталып, 2019-жылдын март айында бүткөрүлгөн. Сметалык баасы 32 млн. сомго бааланган. Белгилей кетсек, бала бакчанын орду мурда жеке менчикке өтүп кеткен. Шаардык мэриянын аракети менен жер тилкеси жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө 28 тарбиячы иштеп, 150 бала тарбияланып жатат. Ошондой эле, күздөн баштап яслиге балдарды кабыл алышат.

Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаевдин айтымы боюнча шаарда балабакча маселеси 80 пайызга чечилген. Ошондой эле калган муктаждыкты чечүү максатында, мэрия 42 млн. сомдук долбоор боюнча дагы бир 100 орундуу бала бакча куруунун алдында турат. «Жыл аягына чейин дагы 3 бала бакча салынат. Андан сырткары, КочкорАта шаарында 50 орундуу төрөт үйү курулат. Бул боюнча долбоор Президент тарабынан жактырылып, 2020-жылдын иш-планына киргизилген», – дейт А. Жумаев.

«Бирдиктүү терезе» долбоору ишке ашууда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Жалал-Абад облусунун эң алыскы, шарты катаал аймактарында «Бирдиктүү терезе» долбоорлору иштеп баштады.

Алыскы аймактын тургундары мындай долбоордун ишке киргенине кубанып: «Иш кагаздарды бүткөрүү үчүн мурдагыдай бир күн кечке убактыңды коротпой, ар кайсы жакка чуркабай калдык», – деп кубанышууда.

Жалал-Абад аймагында «Бирдиктүү терезе» долбоорун ишке ашырган айыл өкмөттөрдүн бири – Биринчи май. Берилген маалыматтарга таянсак, долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,2 млн. сом акча каражаты жумшалган. Ага эшик, терезелер оңдолуп, видео көзөмөл коюлган. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында, жооптуу катчы, салык кызматкери, жер адиси, соц. кызматкер ж.б. райондук мекемелердин адистери ишке алынган. Алар ар кандай мүдөө менен келген жарандарды кезексиз тейлеп, керектүү кеп-кеңештерди беришүүдө.