Озерный айылындагы көлмөдө белгисиз сөөктөр табылды

Аламүдүн районунун Озерный айылындагы көлмөлөрдүн биринде белгисиз сөөктөр табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, табылган сөөктөр адамдыкы же малдыкы экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлерине экспертизадан өткөрүүгө берилген.

Сөөктөрдү ӨКМдин куткаруучулары Озерный айылында 2015-жылдын 10-июнунда дайынсыз жоголгон 1979-жылы туулган тургунду издөө учурунда табышкан.