Климаттын өзгөрүшүнө адамзат өзү күнөөлүү дейт…

Бүткүл дүйнөлүк метереология уюму (БМУ) быйылкы жайдагы аномалдык ысыктын себеби, адамзаттын ишмердүүлүгү жана анын айынан климаттын өзгөрүшү менен түздөн түз байланыштуу деп тапты.

Июль айын тердеп-кургап эптеп узатсак, синоптиктер августь айынын башы да ысык болот (41 градуска чейин) деп жатышат. Бир топтон бери Бишкекке бир тамчы жаан жаай элек. Мындайда, маңдайга бүткөн Ысык-Көлүбүз бар экен, мүмкүнчүлүктөрү барлары дем алыш күндөрү ошол жакта жүрүшөт.

Ал эми дүйнөнү айтсак, быйылкы жайдагы күндүн ысыгы Европаны эритип жибере жаздады. Демейде, салкыныраак Франция, Германия, Голландияда күндүн ысыгы 40 градустан ашууда. Атүгүл Арктикага жакын делген Скандинавия, Гренландия өлкөлөрү да ысыктан демигип турган чагы. Ошондой эле Арктиканын муздары тездик менен эрий баштаганы айтылат.

Бул арада Россиянын Сибирдеги 3 млн. гектар токою өрттөнүп, Президент В.Путин армиясын жумшады эле, Сибирдеги өрттүн ири очокторун бир күндө өчүрдү. Былтыр Россиянын 5,5 млн. гектар токою күйүп кеткени айтылат.