Кредит жүндү жана терини кайра иштетүүгө жумшалат

Өзбекстан Кыргызстанга 100 млн. доллар кредит бермей болду. Экономика министри Санжар Мукамбетов бул каражат кайсы багытка жумшала тургандыгын айтты.

Кыргызстанда жүндү жана терини иштетүү багытында иш жүрбөй жатканы белгилүү. Министр С.Мукамбетов бул кредит “Айыл банкы” аркылуу дал ушул жүндү жана терини кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге бериле тургандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө кара койдун жүнү эч кимди кызыктырбай, жыл сайын жүз миңдеген тонна жүндөр өрттөлүп, анын айынан экологияга зыян келсе, ошол койду багып азап-тозогун тарткан ээлерине бир тыйын пайдасы тийбей жатат. Ошол эле учурда койдон баштап, кара малдын терилери текейден арзан баада коңшу өлкөлөргө ташылууда. Мүмкүн ушул кредитти пайдаланган ишкерлерибиз жүндү жана терини кайра иштетип, чоң пайда алып келээр… Күтө туралы.