«XIII Эл-аралык Айтыш-2019» сынагы өтөт

Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «XIII Эл-аралык Айтыш-2019» айтышы өтөт. Бул тууралуу Республикалык “Айтыш” коомдук фондунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ушул жылдын 30-31-августунда болот.

Айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында, ал эми финалдык бөлүктөр Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Сынакка Республиканын бардык аймактарынан акындар чакырылат.

Тандоо турунан өткөн 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышат. XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлуп, байге фонду 2 млн сомду түзөт.