Аксыда дарыя көтөрүлүп, күйдүргү оорусу тарап кетүү коркунучу жаралды

7-июнь күнү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын деңгээли көтөрүлүп жээкти жеп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган.

ӨКМ тарабынан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерди коргоо үчүн, жээк бекемдөө иштерин 10-июнга чейин тез арада аткарууну Жалал-Абад облустук фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына жана аймактык тиешелүү мекемелерге эскертме менен милдеттендирди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.