Ысыктан туура сактаныңыз!

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Жайдын ысык күндөрүнөн абайлап, өзүңүзгө туура кам көрүңүз. Биринчиден, көк чай ичип, жеңил, түсү ачык жана табигый ткандан тигилген кийим болсо, андан да жакшы. Негизинен көлөкөдө көп болууга аракет кылуу керек. Муздак суусундуктарды көбүрөөк ичип, косметикалык каражаттарга чек коюу туура. Ал эми мындай ысык аптапта айрым нерселерге тыюу да салынат. Тактап айтканда, сыра, кофе ичкенге болбойт. Сыра ысык температураны көтөрсө, кофе кан тамырларга күч келтирет. Ал эми алкоголдук ичимдиктер жүрөктүн иштешине тоскоол болот. Андыктан, бул убакта минералдык суулар менен гана суусоону кандыруу зарыл.

Ысык аптапты гипертониктер өтө оор көтөрүшү мүмкүн

Жумуш үстүндө олтурган кезде дайыма саат сайын 1 стакандан муздак суу ичип, тез-тезден жуунуп туруу керек. Ар 2 саат сайын 5-10 мүнөттөн эс алып жатуу талап кылынат. Отурган иш бөлмөдөгү аба тазартуучу гүлдөр муздак жана таза аба тартуулайт. Ал эми машина башкарып бараткан учурда күн нурунан сактоочу көз айнектер талап кылынат. Жогоруда айтылгандар жайдын ысык аптабында эң жогорку температурадан сактануунун эң жөнөкөй эрежелери. Ал эми ысык аптаптын келиши гипертониктер үчүн өтө чоң маселени туудурат. Өзгөчө кан басымы жогорулагандар үчүн ысык аба ырайынан кандайдыр бир эрежелерди сактоо керек. Мындай адамдар күн нурунда күнү бою күйүүгө да мүмкүн эмес. Мындан сырткары бул учурда мончодон, буудан алыс болуп, дары-дармекти үзгүлтүксүз алып туруу менен өзүн жакшы сезсе болот. Мындай ысыкта гипертониктер күнүгө душка жуунуп туруусу шарт. Бул кан тамырларды бир калыпта кармайт. Гипертониктер бул учурда ашыкча кара жумуштан алыс болуу керек. Ал эми бул учурда гипертониктер тамак-ашка да чектөө коюшу зарыл. Тактап айтканда, туздуу жана өтө куурулган азыктарга чек коюу керек. Бул азыктар адамды ашыкча суусатып, ашыкча кыймыл кан тамырлар менен жүрөккө зыян келтирет. Майлуу азыктарды да бул убакта жебей эле койгон оң. Өсүмдүк майы, кефир, помидор бул учурдун эң мыкты азыгы.

Ысык аптапты гипертониктер өтө оор көтөрүшү мүмкүн. Мындай илдети бар адамдар саат 11ден баштап кечки саат 16.00гө чейин сыртка чыкпастан, муздак салкын бөлмөдө эс алганы дурус. Суткасына 1,5-2 литр таза суу ичүү талап кылынат, тактап айтканда шире, чайдан сырткары.

Муздак сууну аз-аздан ичип туруңуз

Ысык аптапта үй шартында элдик ыкма менен сактануунун жолдору да бар. Бул үчүн кадимки күн карама жардамга келет. 1,5 литр муздак сууга күн карама данектерин салып, жай отто 2 саатка чейин кайнатып, андан кийин тыныктырып муздатуу керек. 1 стаканды күнү бою ичип туруу керек.

Гипертониктер үчүн ысык аптапта лимон да жардамга келет. Лимондун ширесин чыгарып алып, 1 аш кашык клюкваны жана ага жарым аш кашык ит мурундун майдасын кошуп, ага бал кошулат. Бул аралашманы күнүгө 2 маал эртең менен жана кечкисин жеп туруу керек.

1 стакан балга 1 стакан пияздын ширесин кошуп, ага 50 грамм лимондун кабыгын кошуп, майдалап аралаштырып, муздак жана караңгы жерде сактоо керек. Бул аралашманы тамактан кийин 2 ай бою ичип туруу керек.

Пияздын ширеси гипертониктер үчүн табылгыс дары. Жарым стакан кайнак сууга ушунча өлчөмдө пияздын ширесин кошуп, кечкисин уктаар алдында ичип туруу керек. Пияздын тундурмасын жумасына 2 ирет ичип турса кан басым бир калыпка келет. Бул ширени ичкенден кийин айрым дары-дармектерди ичпей коюуга да болот.

Муз кан басымды бир калыпта кармаганга жардам берет. Муздаткычтын тоңдургучунда тоңдурулган музду омурткаларга басып турса болот. Музду баскандан кийин ал жерди камфор майы менен майлап турса да болот.

Ысык аптапта кан басымды бир калыпта кармап туруу үчүн курманын ширесин колдонуу керек. Дароо 2 стакандан ичип турса болот. Эртең менен ичкенден кийин кечинде кан басым бир калыпка түшүп калганын байкоого болот. Бул ыкманы 1 айга чейин колдонууга болот.

Ысык кайнак суу да кан басымды бир калыпта кармап турат. Ысык суудан ванна жасап, ага олтуруп, 15 мүнөттөн кийин муздак сууга чайканып койсо болот.

Бака жалбырак кан басымды нормага келтирет. Бул үчүн 4 аш кашык майдаланган бака жалбыракты 1 стакан сууга кошуп, 2 жума бою тыныктыруу кажет. Даяр болгондон кийин тундурманы 30 тамчыдан күнүгө 3 маалдан ичип туруу зарыл.

Кара нан да гипертониктер үчүн пайдалуу. 1 аш кашык майдаланган кара нанды 2 аш кашык кайнак сууга кошуп, ачкарын ичип туруу керек. Кызылчанын ширеси менен кан басымды бир калыпта кармап турууга болот.

Кызылчанын жаңы ширесине бал кошуп, күнүгө 3 маалдан ичип туруу зарыл. Буга сабиздин ширесин да кошуп ичсе болот. Мындан сырткары жарым стакан хрендин ширесине сабиздин жана кызылчанын ширесин кошуп, муну лимон жана бал менен кошуп ичсе да болот. Бардыгын аралаштырып караңгы жерде сактап, муздатып ичсе да болот.

Ошондой эле эң мыкты ыкмалардын бири башка массаж жасоо.

Кан басымдын төмөндөп кетиши

Жайдын ысык аптабы келгени көпчүлүк адамдардын кан басымында өзгөрүүлөр болуп, негизинен кан басымы төмөндөп кетет. Көпчүлүгү кан басымынын төмөндөп кетишине маани бербестен, эмне оору экенин билбей кыйналып жүрө беришет. Эгерде көпчүлүк учурда баш айланса дароо кан басымды өлчөтүү керек. Кан басым кандай учурда төмөндөп кетери менен көпчүлүк адамдардын кабары жок. Качан гана тез-тезден баш айланып, алсыздык пайда болуп, окшуп, баш жана булчуңдарда оору байкалганда, жүрөк тез-тез согуп, көз караңгылашканда кан басымдын төмөндөп кеткенинен жыйынтык чыгарууга болот. Андан сырткары улгайып калган адамдарда борбордук нерв системасынын алсызданышынан улам да кан басым төмөндөп кетиши мүмкүн. Адам көпкө чейин бир орунда отуруп, өйдө турганда баш катуу айланып, көз алдынан жер көчүп кеткенин байкаса дароо кан басымын өлчөтүүсү зарыл. Бул убакта мээге кислород жетишпей, ушундан улам баш айланып, көз тумандап калат.

Суу жардам берет

Мындай убакта адам көбүрөөк өлчөмдө суюктук ичүүсү зарыл. Күнүнө жок дегенде мүмкүн болушунча 8 стаканга жакын суу ичип, күндүн нуруна көп чыкпашы керек. Ошондой эле тузду көбүрөөк пайдалануу менен кан басымдын төмөндөп кетүүсүнөн сактанууга болот. Өзгөчө ысык аптапта көпчүлүктүн арасында туруу да кан басымы төмөндөп кеткен адамдарга терс таасирин тийгизет. Мүмкүн болушунча таза абада, көлөкө жерде эс алуу зарыл.

Көнүгүү менен дарыланса болот

Туура отуруу менен кан басымды калыбына келтирүүгө шарт түзүүгө болот. Төмөн креслодо, тизелер өйдө көтөрүлүп тургандай абалда отуруу керек. Бул буттан жүрөккө кандын айлануусун жакшыртат. Ошондой эле буттарды жогору көтөрүп жатуу да жардам берет. Дене тарбиялык көнүгүүлөргө өзгөчө көңүл буруу керек. Сууда сүзүүдөн башка денеге күч келтирген оор жумуштар кан басымды төмөндөтүп жиберет. Себеби, дене ысып, кан тамырлардын кеңейишине алып келет. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап аткан убакта баш айлануу болсо, дароо жерге отура калуу кажет.