Бүгүн Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык жыйын өтөт

Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт.

Ага Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышат. Жыйын тар жана кеңири курамда болот.

Күн тартибине жалпысынан 15 маселе киргизилип, жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ премьер-министрлеринин Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлөт. Ошондой эле жыйындын алкагында Өкмөт башчылардын эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.