БАУнун студенттерин Нарындын жаштары чөгөлөтүп кечирим сураткан

8-июнда Нарын шаарында 100гө чукул жаштар митингге чыгышкан. Буга себеп,  27-майда Борбор азиялык университеттин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда баскетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университетте окуган балдар жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан.

Буга байланыштуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана аталган окуу жайдын мугалимдери келди. Анда, митингчилер БАУда окуган студенттерди чөгөлөп кечирим сурашын талап кылышты. Жергиликтүү жаштарга кайрылган А.Кайыпов эмоцияга алдырбоого чакырып өттү.

Бирок, кызуу кандуулукка алдырган жаштар БАУнун студенттери турган тарапка отургучтарды ыргытып, кыр көрсөтүштү. Андан улам башаламандык пайда болуп, абал тынчыганда жаштардан аталган окуу жайдын студенттери чөгөлөп кечирим сурашканын «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

 

Нарын ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев бул окуя боюнча териштирүү иштери башталарын жана жергиликтүү жаштар менен 10-июнь күнү жолугушарын билдирди.

Кененирек: http://www.turmush.kg/news:326135?from=turmush&place=nowread