Бөөдө төгүлгөн кан же Атамбаевдин акыркы айласы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Атамбаевдин мыйзамды уруп ойнобогон орой кадамдары акыры Кой-Таш окуяларына алып келип, Кыргызстандагы саясий кырдаалды курчутуп жиберди. Белгилүү болгондой ал, баарын санап отурбайын тарых музейинин ремонту, ЖЭБди модернизациялоо, Батукаевди качырып жиберүү өңдүү кылмыш иштерине байланыштуу Башкы прокуратуранын бүтүмү, Жогорку Кеңештин чечими менен кол тийбестигинен ажыраган болчу.

Чындыктан корккон Атамбаев ок чыгарды

Ошондон бери Атамбаев тынч эмес. Коомчулукту да тынчытпай, абалды курчутуп келет. Жогорку маселелер боюнча ИИМ үч жолу чакыруу жиберсе дагы, кыргызча айтканда каакы ордуна көрбөй келбей койду. Анан бийлик эмне кылсын? Атамбаев “мыйзамыңды уруп койбойм” деп жатса, мыйзам башкалар үчүн иштеп, Атамбаевге келгенде эле иштебей калмак беле? 7-августта УКМКнын атайын даярдалган кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барды эле мыйзамга баш ийүүнүн ордуна, куралдуу каршылык менен тосуп алды.

Натыйжада, коопсуздук кызматынын подполковниги Үсөнбек Ниязов көкүрөгүнө ок жок жеп каза болуп отурат. Окуянын эртесинде Атамбаев өзүнөн башка ал жердеги тарапташтарынын эч кимисинде курал жок экендигин, үйүнүн үчүнчү кабатында өзү эле “туруштук берип жатканын” айтып чыкты. Ошондо өзү аткан болуп калабы? Мунун баары, албетте териштирилет.

Өкүнүчтүүсү “Эрдик” медалынын ээси, 4 баласы, аймончоктой аялы бар, кыргыздын бир келечектүү азаматы, өз милдетин аткарып жатып Атамбаевдин мыйзамсыз аракетинин айынан мерт болду. Ал эми Чүй облустук милициясынын башчысы, Самат Курманкулов Атамбаевдин тарапташтарынын ташынан башынан жабыркап, ага эки жолу операция жасалды. Абалы оор.

Айта кетүүчү нерсе, УКМКнын атайын тобу Атамбаевди кармоо аракетинде резина окторун колдонууга аргасыз болду. Буга мыйзам жол берет. Атамбаевдин тарапташтары да жөн калбай ташты жамгырдай жаадырышты. Анын натыйжасында бир катар милиция кызматкерлери, УКМК­нын атайын тобунун мүчөлөрү, мындан тышкары Атамбаевдин тарапташтары болуп, баш аягы 40тан ашуун адам ооруканага жаткырылды. Тагыраагы, учурда УКМК кызматкерлеринин 27си ооруканада жатат, анын ичинен 7өө октон жараланган.

Ошондой эле УКМКнын атайын кызматынын 6 мүчөсүн барымтага алган Атамбаев кудум эл аралык террористтерден бетер бийликке өз талабын коюп жатат. УКМК билдиргендей атайын кызматтын дагы бир мүчөсү дайынсыз болууда.

Ошол эле учурда Атамбаевдин тарапташтары тарабынан күч колдонуу менен 28 помполук курал жана 14 автомат, 15 тапанча жана ок-дарылар тартылып алынган.

Атамбаев мыйзамга баш ийгиси келбей эмне үчүн мынчалыкка барып отурат? Анткени, жогорку айтылган коррупциялык иштерде сөзсүз кулагы чыгаарын сезип, кандай да болбосун жоопкерчиликтен качууну көздөп жатат. Анын минтип тарапташтарына жамынып, болгондо да УКМК билдиргендей, жаш балдардын, аялдардын артына жашынып куралдуу каршылыкка чейин барышынын себеби эле ушул. Ал чындыктан, ага жооп берүүдөн катуу коркот.

Ал мыйзамдын алдында жооп бериши керек

Мындай кырдаалда ЫсыкКөлдөгү бир жумалык эс алуу өргүүсүн токтоткон Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин Баш мыйзамды жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөнүн баса айтты.

“Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет, мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу”, — деп белгиледи ал Коопсуздук Кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды.

Өз кезегинде Башкы прокуратура Атамбаевдин КойТаштагы үйүндө куралдуу каршылык көрсөтүү боюнча сотко чейинки иш өндүрүшүн баштады.

“Коюлган тапшырманы аткаруу боюнча УКМКнын кызматкерлери Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнө барышкан. Бирок анын тарапташтары тарабынан курал жана башка предметтер менен бийликтин өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүлдү. Мындан тышкары, тергөөгө тоскоол болуу максатында күч колдонуу менен коштолгон массалык баш-аламандык уюштурулду”, — деп айтылат Баш прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул фактылар Кылмыш кодексинде каралган “Массалык баш аламандык”, “Бейбаштык”, “Киши өлтүрүү”, ”Киши өлтүрүүгө аракет кылуу”, “Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук”, “Барымтага алуу” өңдүү бир нече беренелер боюнча Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып отурат. Ошону менен Атамбаев мурда күбө катары тергөөлөргө чакырылса, эми колу кандуу канкор, кылмышкер катары жооп берүүгө тийиш.