Талант МАМЫТОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: А.Атамбаев «мен өзүм аттым» деп айтып жатат

— Бүгүнкү күндөгү кырдаал Атамбаевдин мыйзамга баш ийбегендигинен бери башталып келатат. Укук коргоо органдарынын кайсы бир деңгээлде экс-президент катары сыйлап, мыйзам талаасынан чыкпайлы деген аракеттерин А.Атамбаев баалабастан, элди өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланды. Анткени Кой-Таш айылында тарапкерлерин чогултуп, таштарды, куралчан жарандарды топтоп, мыйзамга баш ийбегендиги – бул укук талаасынан чыккандыгы. Биз укуктук мамлекет болгондуктан ар бир жаран мыйзамга баш ийиш керек. Экс-президенттин мындай кадамдарга барганы өтө уят иш деп ойлойм. Атамбаев өзүнүн мындай мамилеси менен башкаларга дагы сабак көрсөтүп жатат. Эртең ууру же кылмышкер болобу, алар да үйүнө жашынып, ушундай коргонсо болот деген аракет өнөкөткө айланып калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай көрүнүшкө жол бербеш керек. Укуктук мамлекет болгондуктан өзү экс-президент катары мыйзамды сыйлоого милдеттүү.

Бүгүнкү күндө чыккан видеодо А. Атамбаев “мен өзүм аттым” деп айтып жатат. Мына ушул жерден биз кандай мамлекетте жашап жатабыз деген суроо туулат. Менимче бул кырдаал боюнча мыйзам чегинде тез аранын ичинде чаралар көрүлүшү керек.

Бул жагдай биздеги ашынган демократиянын көрүнүштөрү. Буга укук коргоо органдары жол берди, бирок мындай абалга жеткирбеш керек эле. Биздеги кырдаалды бүткүл дүйнө жүзү карап турат. Атамбаев өтө оор кылмыштар боюнча шектелип жатат, буга далилдер бар деп башкы прокурор парламентте айтты. Батукаевдин иши боюнча көрсөтмөлөр бар, мындан сырткары Дача-СУ, Бишкек ЖЭБи жана башка иштер боюнча шектелип жатат. Бул иштер боюнча келип көрсөтмө бербестен, кечээ күнү баш аламандык жаратып, “мен аттым, өзүм атышам” деп айтып жатат. Ошондуктан тез аранын ичинде мыйзамдуу чараларды колдонуш керек.