Өлкө тагдыры – парламентарийлердин талкуусунда

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү саясий кризисти талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулушту. Ага 61 депутат катышты. Анда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Орозбек Опумбаев жана ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Кой-Ташта жана СолтонСары кенинде орун алган кырдаал боюнча маалымат беришти.

«Атамбаевдин үйү үй эмес, бункер экен»

Алгач, УКМКнын төрагасы О.Опумбаев 7-августта Кой-Ташта болгон окуяга байланыштуу маалыматында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү үчүн атайын багыттагы кызматкерлердин оптималдуу курамы барган. Алар эч кандай ок атуучу куралдар менен куралданышкан эмес. Коргонуу максатында резина октор жана атайын жабдыктар менен камсыздалган болчу.

7-августта спецназ Атамбаевди суракка алып келүү үчүн барган. Бул аскердик атайын операция эмес болчу. Мына ошондуктан ок атуучу курал менен куралданган эмес. Жарандардан каршылык көрсөтүү күткөн эмеспиз, өзгөчө Атамбаевден. Ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбей атайын жабдыкталган имаратка жашынып калган. Бул үй эмес, бул чеп, бункер. Анын тарапташтары курал жана башка арматура сыяктуу буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөттү, — деди ал.

Ошондой эле О.Опумбаев, кырдаалдын курчуп кетүү жагдайы эске алынып, Атамбаевдин үйүнөн алыс жерде резервдик топ бар болгонун кошумчалады. Муну менен бирге эле атайын кызматтын төрагасы Атамбаевдин тарапташтары тарабынан куралдуу каршылык көрсөтүүсүнөн улам алты аскер жаракат алып, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгонун билдирди. Ага тийген ок экспертизага жиберилген, анын жыйынтыгында кандай ок тийгени аныкталат.

-Мен түнү менен балдардын жанында жүрдүм, сүйлөшүү өткөрүп жаттык. Эртең менен да акыбалынан кабар алдым. Бирок сүйлөшүүлөргө карабай, барымтага алган аскерлерди кое беришкен жок. Биз Атамбаевдин куралсыз жаш балдарга ок атышын күткөн эмеспиз. Мен чынын айтсам, ок атууга уруксат бербегеним үчүн өкүнүп жатам, — деди О.Опумбаев.

Маалыматка караганда атайын операция учурунда 40 ок атуучу курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары тартылып алынган. Учурда ооруканаларда 27 кызматкер дарыланып жатат. Алардын бешөөнө ок тийген. Бир кызматкердин абалы оор. Алты кызматкер дагы эле Кой-Ташта, Атамбаевдин тарапташтарынын барымтасында турат. (Эскертүү: алар кечээ түштөн кийин бошотулушту).

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып, Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүүдөгү кемчилик үчүн жоопкерчиликти сезип жатканын билдирип, Коопсуздук кеңешинде Сооронбай Жээнбековго отставкага кете турганын билдиргенин кошумчалады.

Күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек

Жыйындын жүрүшүндө Кой-Ташта ок тийип, кийин ооруканада каза болгон подполковник Үсөн Ниязбековдун өлүмү үчүн катуу жаза колдонулушу керектигин айткан депутат Дастан Бекешев: “Альфа” атайын бөлүгүнүн мындай начар жана мезгилсиз операциясы үчүн УКМКнын төрагасы О.Опумбаев жеке өзү жоопкерчилик тартышы зарыл. Мындан тышкары Башкы прокуратура тийиштүү иликтөөнү жүргүзүшү керек”, — деп билдирди.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматынан кетиши керектигине токтолуп: “Мындай кырдаалга жол бербешиңиздер керек болчу. Атайын операция башаламан жүргүзүлгөнү анык көрүндү. Натыйжада бейкүнөө кызматкер каза таап, карапайым эл жабыркады”, – деди.

Анткен менен депутат Талант Мамытов кырдаалга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү экенин ачык айтууга чакырды. Ошондой эле ал Атамбаевди кармоо операциясы үчүн күч түзүмдөрүн күнөөлөө туура эмес экенин, алар эл, кызматкерлер жабыркабасын деп ок атпаганын кошумчалады.

— Эмне үчүн Атамбаев жөнүндө айтпайсыңар. Ал курал колдоном деп, бейкүнөө кызматкердин өлүмүнө себеп болду. Азыр баарыңар тиги күнөөлүү, бул күнөөлүү, отставкага кетсин деп отурасыңар. Бизди да кармаганда биз баш ийгенбиз, мыйзам алдында жооп берели дегенбиз. Соттун чечимин күткөнбүз, эмне үчүн Атамбаев андай кылбайт? Силер сөздү бурмалабагыла. УКМК жана милиция ошол жерде адамдарды жарадар кылып албайлы, тергөөчүнүн тапшырмасын аткаралы деп резина куралы менен гана барышты. Ойлонуп сүйлөйлү, мыйзамдуулукту камсыз кылып, тез арада чара көрүш керек, — деди Т.Мамытов.

Ал эми кырдаалдан кантип чыгышыбыз керек деген маселени ойлонуу керектигин айтып, Атамбаевдин тарапташтары тартып алган куралдарды кайра кайтарып алуу зарылдыгын белгилеген депутат Жанар Акаев: “Кудай сактасын! Дагы чогулат деп жатышат. Атамбаев ошол куралды элге каршы колдонуп туруп, кайра аны бийликке шылтап койгондон кайра тартпайт. Биз ушуга ишендик. Өзүнүн керт башын ойлоп, бүтүндөй өлкөнү бүлүккө салып жатат. Дүйнөнүн кайсы мамлекетинде бар? Алты жыл эл башкарган адам өзү курал көтөрүп, чырактай балдарды, өзүнүн жарандарын аткан – бул кечирилгис ката. Биз ошону азыр кырдаалга көз салып, эмне болуп кетет деп, унчукпай отуруп албашыбыз керек. Атамбаевдин соңку аракеттери кечирилгис”, — деген пикирин билдирди. Суроо-жооп, сунуштар уланып, депутат Калдарбек Баймуратов баштаган бир катар депутаттар укуктук талаада бир катар ири чиновниктер тергөө амалдарына чакырылып, сурак берип жаткандыгын тизмектеп, А.Атамбаев дагы тергөө органдарынын сурагына барышы зарылдыгын баса белгилешти.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев социалдык түйүндөрдө эки жаат болуп, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан жагдайларга олуттуу мамиле жасоо керектигин айтты.

Депутат Акылбек Жапаров өлкөдө туруктуулуктун камсыздалышы үчүн бардык шарттардын түзүлүшү үчүн Өкмөткө парламенттен кандай механизмдер керектигин сураса, депутат Төрөбай Зулпукаров түзүлгөн кырдаалды мыйзамдык талаага алып келүүнү сунуш кылды. Жыйындын аягында депутаттар бул маселе боюнча токтом кабыл алышты.