Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: Атамбаев террористтердин катарына кирип калды

Атамбаев өзү билип туруп кылмыш иштери боюнча “күбөдөн” “талаа командирине” айланып калганын түшүнүшү керек. Ал “жеке өзүм ок атып жаттым” деп билдирүү менен иш жүзүндө киши өлтүргөнүн, болгондо да ал жакка кызматтык милдети боюнча колуна курал жана аскердик ок-дары албай барган, өзүн коргоого мүмкүнчүлүгү болбогон кишини өлтүргөнүн мойнуна алып жатат. Киши өлтүрүү деген киши өлтүрүү, ал үчүн жооп бериши керек.

Бирок, өкүнүчтүүсү Атамбаев үчүн өлкөнүн да, элдин да мааниси болбой калган. Ал жеке өч алуусун гана көздөп калды. Өлкөдө канчалык жаман болсо ал үчүн ошончолук жакшы. Ал азыр атайын кызматкерди өлтүрүп, бир нече адамды жаралагандан кийин өлкө үчүн өтө коркунучтуу жана куралдуу террористтердин катарына кирип калды. Абал ушундай. Андыктан эл дагы, бийлик дагы өлкөдө түзүлгөн кырдаалды туура аңдай билишибиз керек.