Түндө үч жерде «Коопсуз шаардын» камерасы талкаланган

9-августка караган түнү Бишкектин үч жеринде «Коопсуз шаардын» камералары талкаланган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрель-Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги баардык аппараттык-программалык комплекс, видео байкоо системасы, ал эми Чүй -Шопоков жана Бөкөнбаев-Абдрахмановдун кесилишинде видео байкоо системасы талкаланган.

Келтирилген зыян такталгандан кийин долбоордун аткаруучусу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылат.

Ал эми бүлүнгөн камералар жакын арада ордуна коюлат.

Белгилей кетсек, 8-августта атайын операциянын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ага чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон. Атамбаевдин тарапташтары делинген Кой-Таштан Бишкекке жөө келип, башаламандык уюштурууга аракет кылышкан.