Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтканы маалымдалууда

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Шереметьево аэропорту аркылуу Бишкекке учканы маалым болду. Бул тууралуу анын жакын чөйрөсүндөгү адамдар маалымдашууда.

Маалыматка ылайык, ал түшкү саат 14:50дө “Манас” аба майданына конот.

Өмүрбек Бабанов Президенттик шайлоодон кийин олкөдөн чыгып кеткен. Ага карата эки кылмыш иши козголгон. Ал буга чейин дагы кайтып келе турганын билдирип, бирок келген эмес. 8-августта өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалдан соң Кыргызстанга учуп келүүнү чечкени маалым болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бабанов өлкөгө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип келет.