Чолпон-Атада ЕӨАКнин кезектеги жыйыны өтүп жатат

Чолпон-Атада Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

 Маалыматка ылайык, Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңири курамда өтүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Жыйындын башталышында ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян менен саламдашуу аземи өтүп, андан кийин биргелишип сүрөткө түшүү болду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *