Жээнбеков Дмитрий Медведев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Чолпон-Атада Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Ал Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.

Жолугушууда Дмитрий Медведев Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстанга келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагындагы жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруусунун жүрүшүн жана ошондой эле 2020-жылды Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.