Фарид Ниязов 48 саатка камалды

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалым болгондой, ал «барымтага алуу” беренеси боюнча кармалган. Анын баш коргоо чарасы 10-августта каралат.

Белгилей кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүүгө болгон аракеттен натыйжа чыкпай, Атамбаевдин тарапташтары атайын багыттагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алышкан.

Натыйжада 8-августта атайын операциянын алкагында Алмазбек Атамбаев кармалган. Ага чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон.

Анткен менен Атамбаевдин тарапташтары атайын багыттагы жоокерлерди элдин тобунан коргоп калышканын билдиришүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *